Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 01-7/19
Эксковатор кызматынын прейскурантта баасын бекитүү жөнүндө
“Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Бербаевдин атайын техника, HYUNDAY 150 эксковаторунун прейскурантта баасын бекитип берүү жөнүндөгү 2024-жылдын 17-декабрындагы №01-04/78/1 кайрылуу катынын негизинде маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза Айыл” муниципалдык ишканасына тиешелүү атайын техника, HYUNDAY-150 эксковаторунун прейскурантта баасы 1 саат үчүн кызматы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- аймактын калкына жана башка субьектилерге – 3500 сом;
- Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө – 2700 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн
башчысына жана “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директоруна жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |