Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-декабры № 01-7/21
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Унаа” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 65-беренесине ылайык, аймактын жүргүнчүлөрүн тейлөө сапатын жана маданиятын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш-аракеттерди тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, транспорттук тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу “Унаа” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2. “Унаа” муниципалдык ишканасын ачууга тиешелүү документтештирүү иштери андан ары жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |