Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү, 1998-жылдын 7-июлу № 437
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссияны түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-майындагы № 287, 2001-жылдын 10-майындагы № 226 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы айыл чарба каттоосун өткөрүү жөнүндө" № 85 токтомунда каралган айыл чарбасын өз убагында даярдоо жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссияны төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-майындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссия 1998-1999-жылдардын ичинде 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун өткөрүүнүн жалпы программасын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Областтардын, райондордун жана шаарлардын мамадминистрациялары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча аймактык (областтык, райондук, шаардык) комиссияларды түзүп, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба каттоосун өткөрүүнүн жалпы программасын аткарууну камсыз кылуучу иш чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык жана аймактык комиссияларга зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик администрациялардын, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин жана адистерин тартууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында 2002-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссиянын төрагасы Н.Т.Танаев жана комиссиялар мүчөлөрү "Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бекем жетекчиликке алып, 2002-жылы Биринчи улуттук айыл чарба каттоосун өз учурунда, сапаттуу даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-майындагы № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||