КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 193-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 114-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Аматов Жаныбек Женишбекович контролдук-бюджеттик комиссиянын курамынан чыгарылсын жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин;
2) 2-пунктта:
– тогузунчу абзацында “, Аматов Жаныбек Женишбекович;” деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга – Аматов Жаныбек Женишбековичти.”.
2. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 118-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) Козуев Алишер Абибиллаевич социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин;
2) 2-пункттун төртүнчү абзацы “Джалилов Азамжан Абдуллажанович” деген сөздөрдөн кийин “, Козуев Алишер Абибиллаевич” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |