АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 13-февралы №39
Ак-Сай айыл аймагына караштуу Миң-Булак жалпы негизги билим берүү мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы №149 токтомун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 19-беренесине “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 39 беренесине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-25/2149 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, “Миң-Булак” жалпы негизги билим берүү мектебинин педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 18-декабрындагы протоколунун негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна ылайык, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
- Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Мин-Булак айылындагы жалпы негизги билим берүү мектебине Кыргыз элинен чыккан Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери Алымбек датканын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Сайайыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровко тапшырылсын.
- Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана регламент, мандат боюнча комиссия.жүктөлсүн.
Тѳрага |
Ш.Омурова |