Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз IX- сессиясы
2025-жылдын 15-октябры № 129
Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 2 “Каракол айыл аймагындагы Талды-Булак алтын, жез кенин чалгындоо иштеринен макулдашуунун негизинде түзүлгөн социалдык пакетти айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимдери жөнүндө
(Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз 2026-жылдын 18-февралындагы № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
Каракол айылдык кеңешинин 19.03.2025-жылдагы №64 сандуу “Каракол айылдык аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси менен “Талас Коппер Голд” ЖЧК макулдашуусунун жана “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын “Жер участогун убактылуу пайдаланууга ижаралоо келишиминин” долбоорлору жөнүндө токтомунун, айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 2 “Каракол айыл аймагындагы Талды-Булак алтын, жез кенин чалгындоо иштеринен макулдашуунун негизинде түзүлгөн социалдык пакетти айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү” чечимдеринин, жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы №49 “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесинин негизинде (депутаттардын сунгуштарын ой-пикирлерин эске алуу менен) Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагындагы Талды-Булак алтын, жез кенин чалгындоо иштеринен макулдашуунун негизинде түзүлгөн социалдык пакетти айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого макулдук берилсин.
2. "Талды-Булак" алтын жана жез кенин өздөштүрүүнүн алкагында региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жөнүндө 01.04.2025-жылдагы макулдашуунун (социалдык пакет) 2.1-2.2.1-пунктарынын негизинде 2026-жылга бөлүнгөн 8000000 (сегиз миллион) сом акча каражаты Каракол айыл аймагындагы үч айылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого болүнүп берилсин:
- Каракол айыл аймагынын Үч-Эмчек айылына:
2) К.Каимов атындагы орто мектебинин ички жасалгасына 433,0 (төрт жүз отуз үч миң) сом;
3) Нур-Желеси бала бакчасынын жаңы курулган кошумча корпусуна керектүу жабдууларды сатып алууга-300,0 миң сом;
(Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз 2026-жылдын 18-февралындагы № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
- Каракол айыл аймагынын Арал айылына:
4) Арал айылынын ички көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотууга 900,0 (тогуз жүз) сом;
6) К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин ашкансына камыр ачытуучу аппарат жана коридордун терезесине жалюзи алууга – 250,0 (жүз элүү миң) сом;
7) “Каракол таза аймак” МИ НИВА автоунаасынын ремонт иштерине 120,0 (жүз жыйырма миң) сом;
(Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз 2026-жылдын 18-февралындагы № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
- Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылына :
2) Таза сууга суу сордуруучу насос 2 даана (Каракол бала бакчасына жана Р.Айдаралиев орто мектебине)- 110,0 (бир жүз он миң миң) сом;
3) А.Айдаралиев атындагы орто мектебине жүзүнөн тааный турган видео камера – 1 даана жана залдарга, класстарга 40 даана камера орнотуу ташып келүү менен - 640, (алты жүз кырк миң) сом акча каражатынын калган 85,0 (сексен беш) миң сом акча каражаты;
4) Р.Айдаралиев орто мектебине лед. экран – 190,0 (жүз токсон миң) сом;
5) Р.Айдаралиев орто мектебине акылдуу коңгуроо 60,0 (алтымыш миң) сом;
(Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз 2026-жылдын 18-февралындагы № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
1) Көпүрө-Базар айылындагы Жаңы-Арык каналынын ремонт иштерин аяктоого-1 464 100 (бир миллион төрт жүз алтымыш төрт миң жүз) сом;
2) Жаңы-Арык каналынын баш жагына көпүрө курууга (бекитилген сметанын негизинде) — 452 000 (төрт жүз элүү эки миң) сом;
3) Айыл тургуну Эшимканов Эрмекке башына жасалган оор операцияга материалдык жардам катары — 100 000 (жүз миң) сом;
4) Каракол айыл аймагындагы каналдарды жана чоң арыктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө — 249 700 (эки жүз кырк тогуз миң жети жүз) сом.
5) Үч-Эмчек айылындагы БСР тазалоого күйүүчү май алууга – 460 000 (төрт жүз алтымыш миң) сом.
(Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз 2026-жылдын 18-февралындагы № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын тез аранын ичинде өздөштүрүү (аба ырайы кескин төмөндөп, суук болуп кеткенге чейин), керектүү жабдууларды ж.б. түз жол менен сатып берүүнү уюштуруу “Талас Коппер Голд” ЖЧК суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнөн суралсын.
Төрага |
| Э. Тилекова |