ТоктомКүчүндө

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз 2025-жылдын 15-октябрындагы № 129 «Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 2»Каракол айыл аймагындагы Талды-Булак алтын, жез кенин чалгындоо иштеринен макулдашуунун негизинде түзүлгөн социалдык пакетти айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү«протоколдук чечимдери жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз IX- сессиясы

 

2025-жылдын 15-октябры № 129

 

Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 2 “Каракол айыл аймагындагы Талды-Булак алтын, жез кенин чалгындоо иштеринен макулдашуунун негизинде түзүлгөн социалдык пакетти айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимдери жөнүндө

 

Каракол айылдык кеңешинин 19.03.2025-жылдагы №64 сандуу “Каракол айылдык аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси менен “Талас Коппер Голд” ЖЧК макулдашуусунун жана “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын “Жер участогун убактылуу пайдаланууга ижаралоо келишиминин” долбоорлору жөнүндө токтомунун, айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 2 “Каракол айыл аймагындагы Талды-Булак алтын, жез кенин чалгындоо иштеринен макулдашуунун негизинде түзүлгөн социалдык пакетти айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү” чечимдеринин, жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы №49 “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесинин негизинде (депутаттардын сунгуштарын ой-пикирлерин эске алуу менен) Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каракол айыл аймагындагы Талды-Булак алтын, жез кенин чалгындоо иштеринен макулдашуунун негизинде түзүлгөн социалдык пакетти айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого макулдук берилсин.

 

2. "Талды-Булак" алтын жана жез кенин өздөштүрүүнүн алкагында региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жөнүндө 01.04.2025-жылдагы макулдашуунун (социалдык пакет) 2.1-2.2.1-пунктарынын негизинде 2026-жылга бөлүнгөн 8000000 (сегиз миллион) сом акча каражаты Каракол айыл аймагындагы үч айылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого болүнүп берилсин:

 

- Каракол айыл аймагынын Үч-Эмчек айылына:

1) Дан эгиндерин себүүчү универсалдык сеялка -1100,000 (бир миллион бир жз миң сом);

2) К.Каимов атындагы орто мектебинин ички жасалгасына 433,0 (төрт жүз отуз үч миң) сом;

3) Нур-Желеси бала бакчасынын жаңы курулган кошумча корпусуна керектүу жабдууларды сатып алууга-300,0 миң сом;

 

- Каракол айыл аймагынын Арал айылына:

1) Арал айылындагы 4 мечиттин ремонт иштерине 120,0 (жүз жыйырма миң) сом;

2) Ички көчөлөргө суу өтүүчү трубаларды алууга 223 333 (эки жүз жыйырма үч миң үч жүз отуз үч) сом;

3) Ички көчолөргө кум-шагыл төгүүгө күйүүчү май алууга – 120,0 (жүз жыйырма миң) сом;

4) Арал айылынын ички көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотууга 900,0 (тогуз жүз) сом;

5) Айыл тургуну К.Кенжегуловдун операциясына материалдык жардам катары - 100,0 (жүз миң) сом;

6) К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин ашкансына камыр ачытуучу аппарат жана коридордун терезесине жалюзи алууга – 250,0 (жүз элүү миң) сом;

7) “Каракол таза аймак” МИ НИВА автоунаасынын ремонт иштерине 120,0 (жүз жыйырма миң) сом;

 

- Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылына :

1) 200 квт кубатуулугу менен суу ысытуучу комплект казан, жеткирүү орнотуу, менен - 800,0 (сегиз жүз миң) сом;

2) Таза сууга суу сордуруучу насос 2 даана (Каракол бала бакчасына жана Р.Айдаралиев орто мектебине)- 110,0 (бир жүз он миң миң) сом;

3) Жүзүнөн тааный турган видео камера – 1 даана жана залдарга класстарга 40 даана камера орнотуу ташып келүү менен - 640, (алты жүз кырк миң) сом;

4) Р.Айдаралиев орто мектебине лед. экран – 190,0 (жүз токсон миң) сом;

5) Р.Айдаралиев орто мектебине акылдуу коңгуроо 60,0 (алтымыш миң) сом;

 

3. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын тез аранын ичинде өздөштүрүү (аба ырайы кескин төмөндөп, суук болуп кеткенге чейин), керектүү жабдууларды ж.б. түз жол менен сатып берүүнү уюштуруу “Талас Коппер Голд” ЖЧК суралсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

 

Төрага

 

Э. Р. Тилекова