ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезектеги XII- сессиясы
2026-жылы 17-февралы №1
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 26-январындагы №1 сандуу номери менен чыгышталган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу” № 502 токтомун айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу” № 502 токтомун айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу жөнүндө жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 26-январындагы №1 сандуу сунуш катын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайлары акысыз берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановко милдеттендирилсин.
- Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңештин Экономика-финансы, бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Торага: |
Н.Артыков |