Редакцияот 17.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезектеги XII- сессиясы

 

2026-жылы 17-февралы №4

Чек  айылынын “Чек” орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө

“Географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып, Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Чек айылындагы “Чек” орто мектебине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановко милдеттендирилсин.
  3.  Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына  жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңештин  Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Торага:

 

Н.Артыков