Редакцияот 17.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезектеги XII- сессиясы

 

2026-жылы 17-февралы №6

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймак-тын социалдык – экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо бюнча программасынын аткарылышы тууралуу. Айыл өкмөтүнүн  башчысынын отчету жөнүндө.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Экономика-финансы, бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына  жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңештин  Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Торага:

 

Н.Артыков