Редакцияот 17.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезектеги XII- сессиясы

 

2026-жылы 17-февралы №7

Асылдуулугу төмөн жайыттар жерлердин максаттуу багыты белгиленген тартипте өзгөртүлгөндөн кийин, андан соң Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү менен ал өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын пайдалануусу жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Агрардык маселелер (трпнспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун  угуп жана талкуулап чыгып, Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жайыт жерлеринин максаттуу багыты белгиленген тартипте өзгөртүлгөндөн кийин, аларды Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун курамына киргизүү менен өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына 19 жыл мөөнөткө пайдаланууга берүү бекитилсин.
  2. Бекитилген ижара мөөнөтү 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизилсин.
  3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына  жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңештин Агрардык маселелер (трпнспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Торага:

 

Н.Артыков