Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-декабры № 63/Х1V-29
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Чүй облустук прокуратурасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы №25/173-04-11/17-25-01703 ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө талабын карап чыгып, Ак-Кудук айыл өкмөтү тарабынан 2023-жылдын 16-октябрында жер тилкесине менчик укугун берүү боюнча өткөрүлгөн аукцион мыйзам талаптарын бузуу менен өткөрүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагы, Киров айылы, Садовая көчөсү, 2 “а” дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-04-04-0001-0551 болгон Кадиров Улугбек Камоловичтин жеке менчиги болгон, аянты 1041,47 м2 жер участогу Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы жеке менчиктеги жер участогун айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |