Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 19-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик башкарууда гендердик балансты камсыз кылуу максатында, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 10-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24, 37, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 62 "2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын жана 2024-2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасында:
- 2-главанын 2, 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) квоталоо системасын жана гендердик балансты камсыз кылууну эске алуу менен башкаруучу кадрлар резервин түзүү;
3) талапкер аялдарды жетекчи позицияларга даярдоо системасы.";
- 5-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-глава. Башкаруучу кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү
Башкаруучу кадрлар резервин түзүү айрым саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүгө гана багытталбастан, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасында аялдардын кыйла кеңири катышуусун камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалынын иштөөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөр жана адилеттүү атаандаштык принциптерин айкалыштыруу үчүн туруктуу жана институттук шарттарды түзүүгө да багытталган.
Айрым саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн алкагында төмөнкүдөй милдеттер ишке ашырылат:
- квоталоо системасын киргизүү - бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашык эмес өкүлчүлүгүн камсыз кылуу;
- гендердик балансты камсыз кылуу - кадрлар резервинде аз көрсөтүлгөн жыныстагы талапкерлерге артыкчылыктуу укук берүү;
- кесиптик өнүктүрүү системасын киргизүү жана лидер аялдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын башкаруучу кызмат орундарына бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү, салттуу гендердик стереотиптерге негизделген тоскоолдуктарды азайтуу.";
- 7-главадагы таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Күтүлүүчү натыйжа | Көрсөткүчтөр | |
2027-жылдын аягына карата | 2030-жылдын аягына карата | |
1. Аялдардын мамлекетти башкарууга катышуусу жана лидерлиги институтташтырылды, аялдардын кызматы боюнча өсүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. ТӨМ индикатору 5.1.1. Колдоо жана теңдикти камсыз кылуу жана жыныстык белгиси боюнча басмырлабоо, бул жааттагы абалга байкоо жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук базанын болушу | Башкаруучу кадрлар резервинде талапкерлердин кеминде 30%ын аялдар түзөт | Башкаруучу кадрлар резервинен аялдарды жетектөөчү кызмат ордуна дайындоонун максималдуу мөөнөтү үч жылдан ашык эмес |
Квалификацияны жогорулатуу курстарында башкаруучу кадрлар резервине киргизүүгө талапкер болгон талапкерлердин жалпы санынан кеминде 30% аял окутулду | Квалификацияны жогорулатуу курстарында кеминде 60 аял окутулду | |
"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистратура программасы боюнча кеминде 60 аял окуудан өттү | "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистратура программасы боюнча кеминде 120 аял окуудан өттү | |
2. Жогорку квалификацияга жана потенциалга ээ лидер аялдар мамлекеттик башкарууга активдүү катышат. ТӨМ индикатору 5.5.1. Аялдар ээлеген орундардын үлүшү а) улуттук парламенттерде жана б) жергиликтүү бийлик органдарында ТӨМ индикатору 5.5.2. Жетекчи кызмат орундарында аялдардын үлүшү | Бардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 20%ды түзөт | Бардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 30%ды түзөт |
";
2) жогоруда аталган Жарлыктын 2-4-тиркемелери ушул Жарлыктын 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 "Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резерви жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Кадрлар резервин түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөрдүн саны резервге киргизилүүчү талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпоого тийиш.".
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
2024-2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1-глава. Биринчи кезектеги чаралар | ||||||
1 | Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине аялдарды көбүрөөк тартуу | 1.1. Аялдарга басым жасоо менен талапкерлерди кадрлар резервдерине киргизүү үчүн конкурс жөнүндө маалыматтык кампанияны жүргүзүү | 2024-жылдын I жарым жылдыгы | Талапкерлерди кадрлар резервдерине киргизүү үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө биринчи маалыматтык кампания өткөрүлдү | МКЖӨБМА, ММЖСМ, ЖМА, мамлекеттик ЖМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ЖӨБОнун бекитилген бюджетинин алкагында |
1.2. Кадрлар резервдерине киргизүү үчүн конкурска катышууга арыз берген жана кадрлар резервдерине киргизилген адамдардын жынысы боюнча бөлүштүрүлгөн тизмелерин түзүү жана ведомстволук сайтка жарыялоо | Зарылдыгына жараша | Кадрлар резервдерине киргизүү үчүн арыз берген аялдардын жана эркектердин саны жөнүндө маалымат коомчулук үчүн жарыяланып турат | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2 | Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине киргизүү үчүн аял талапкерлердин потенциалын жогорулатуу | 2.1. Кадрлар резервдерине киргизилген аялдар үчүн окутуу программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-жылдын I жарым жылдыгы | Аялдардын лидерлиги боюнча магистратуранын окуу планынын болушу | КРПМБА, ИЖБИМ | Мамлекеттик органдын, мекеменин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
2.2. Кадрлар резервдерине киргизилген аялдар үчүн кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу | 2024-жылдын II жарым жылдыгы | Аялдардын мамлекеттик башкарууга катышуусу үчүн шарттар түзүлдү. Мамлекеттик башкаруу системасында турган аялдардын компетенцияларын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү | КРПМБА | Мамлекеттик мекеменин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3 | Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине аял талапкерлерди тандоо | 3.1. Кадрлар резервдерине киргизүү үчүн талапкерлер гендердик балансты эске алуу менен колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык каралат | 2024-жылдын II жарым жылдыгы | Лидерлик потенциалы бар аялдар кадрлар резервдерине киргизилди | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында |
3.2. Резервдегилердин тизмеси (сапаттык курамы) веб-сайтка жайгаштырылды | 2024-жылдын II жарым жылдыгы | Кадрлар резервдерине киргизилген аялдардын жана эркектердин саны жөнүндө маалымат | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2-глава. Башкаруучу кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү | ||||||
4 | Лидер аялдардын өкүлчүлүгүн эске алуу менен башкаруучу кадрлар резервин (БКР) түзүү | 4.1. БКРди түзүү жана анын иштөө тартибин аныктаган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2026-жылдын I жарым жылдыгы | Квоталоо системасын (бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашык эмес өкүлчүлүгү) киргизүү жана гендердик балансты камсыз кылуу (БКРде аз көрсөтүлгөн жыныстагы талапкерлерге артыкчылыктуу укук берүү) каралган БКРди түзүү жана иштөө тартиби бекитилди | МКЖӨБМА, ЭСКММ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында |
4.2. БКРге киргизүү үчүн талапкерлерди конкурстук тандоодон өткөрүү боюнча нускаманы иштеп чыгуу, анын ичинде төмөнкүлөрдү баалоо боюнча тестирлөөнү: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин жана укук колдонуу практикасынын көндүмдөрүн; - кесиптик маанилүү жеке сапаттарын | 2026-жылдын I жарым жылдыгы | БКРге киргизүү үчүн талапкерлерди конкурстук тандоодон өткөрүү боюнча нускама бекитилди | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
4.3. БКРге талапкерлерди конкурстук тандоодо гендердик баланстын принцибинин сакталышын баалоо методикасын иштеп чыгуу | 2026-жылдын II жарым жылдыгы | БКРге талапкерлерди конкурстук тандоодо гендердик баланстын принцибинин сакталышын баалоо методикасы бекитилди | МКЖӨБМА, ЭСКММ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
4.4. Негизги маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен БКРдин гендердик курамына электрондук мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу | 2027-жылдын II жарым жылдыгы | БКРдин гендердик курамына электрондук мониторинг жүргүзүү системасы иштелип чыкты жана киргизилди | МКЖӨБМА, ЭСКММ, СӨИТМ, "Кызмат" ММ | Мамлекеттик органдардын, мекеменин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
4.5. Мамлекеттик башкаруу системасында эркектер менен бирдей эле аялдардын да катышуусунун бирдей мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалыматтык кампания жүргүзүү (публикациялар, видеороликтер, ийгиликтүү аял жетекчилер менен маектешүүлөр) | Жарым жылдыктар боюнча, 2026-жылдын I жарым жылдыгынан баштап | БКРдеги конкурстук тандоого катышуунун бирдей мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат маалымат берүү каналдарынын бардык түрлөрү (телерадио, пресса, интернет, социалдык медиа) аркылуу мамлекеттик жана расмий тилдерде, инклюзивдик муктаждыктарды эске алуу менен кеңири таркатылат | ЭСКММ, МКЖӨБМА, ММЖСМ, мамлекеттик органдар, мамлекеттик ЖМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ЖӨБОнун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
4.6. БКРди түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, анын ичинде БКРге киргизилген жана БКРден саясий кызмат орундарына дайындалган аялдар жөнүндө маалыматтарды жарыялоо аркылуу | Жарым жылдыктар боюнча, 2026-жылдын I жарым жылдыгынан баштап | БКРди түзүү жана иштөө процесси ачык-айкын, ал жөнүндө маалымат жарыяланат жана дайыма жаңыланып турат | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
5 | Аялдарга карата карьералык пландоонун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | БКРге киргизилген аялдарга карата карьералык пландоонун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | Жыл сайын, 2026-жылдын II жарым жылдыгынан баштап | Аялдарга карата карьералык пландоонун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары тууралуу (ийгиликтүү жана терс тажрыйба жөнүндө) маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилет | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында |
6 | Мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктары бузулган учурларга изилдөө жүргүзүү | 6.1. Мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктарынын бузулган учурларына изилдөө жүргүзүү боюнча методологияны иштеп чыгуу | 2025-жылдын II жарым жылдыгы | Методология иштелип чыкты | СДУИ | Мамлекеттик мекеменин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
6.2. Мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктары бузулган учурларга изилдөө жүргүзүү | 2026-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктары бузулган терс учурлар аныкталды. Аялдардын укуктарынын бузулушун алдын алуу, бөгөт коюу, даттанууларды кароо, бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча сунуштар иштелип чыкты | СДУИ, ЭСКММ, МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдардын, мекеменин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
6.3. Мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен изилдөөнүн жыйынтыктарын жана сунуштарын талкуулоону уюштуруу | 2026-жылдын II жарым жылдыгы | Изилдөөнүн натыйжалары жана сунуштары мамлекеттик органдарга, ЖӨБОго, коомдук уюмдарга жөнөтүлдү | СДУИ, ЭСКММ, МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдардын, мекеменин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3-глава. Жетекчилик позицияларга талапкер аялдарды даярдоо системасы | ||||||
7 | Билим берүү, анын ичинде стипендиялык программа аркылуу талап кылынган компетенцияларды алууда лидер аялдарга колдоо көрсөтүү системасын түзүү | 7.1. "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги" профили боюнча магистратуранын окуу планын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-жылдын I жарым жылдыгы | "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги" профили боюнча магистратуранын окуу планы иштелип чыкты жана бекитилди | КРПМБА, ИЖБИМ | Мамлекеттик органдын, мекеменин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
7.2. "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги" профили боюнча магистрдик программаны ачуу | 2024-жылдын I жарым жылдыгы - 2027-жылдын II жарым жылдыгы | Отчеттук жыл ичинде кеминде 50 аял окуудан өттү. Билим берүү системасында аялдардын лидерлик компетенцияларды алуусу үчүн шарттар түзүлдү | КРПМБА, ИЖБИМ | Мамлекеттик органдын, мекеменин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
7.3. БКРди түзүүнүн алкагында гендердик квота боюнча тандалган лидер аялдардын башкаруу компетенцияларын жогорулатууга багытталган "Жаңы муундун лидерлери" билим берүү программасын иштеп чыгуу | 2026-жылдын II жарым жылдыгы | Лидер аялдардын кесиптик өсүшүнүн чечүүчү фактору катары алардын башкаруу компетенцияларын жогорулатууга багытталган "Жаңы муундун лидерлери" билим берүү программасы бекитилди | КРПМБА | Мамлекеттик мекеменин бекитилген бюджетинин алкагында | ||
7.4. БКРди түзүүнүн алкагында гендердик квота боюнча тандалган лидер аялдарды "Жаңы муундун лидерлери" программасы боюнча окутууну уюштуруу жана жүргүзүү | 2026-жылдын II жарым жылдыгы - 2027-жылдын II жарым жылдыгы | Лидер аялдар "Жаңы муундун лидерлери" программасы боюнча окутулду. Отчеттук жыл ичинде БКРден кеминде 20 лидер аял окуудан өттү | КРПМБА, МКЖӨБМА | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ||
7.5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жумуш ордунда гендердик теңчиликти сактоо, анын ичинде жумуш ордунда асылууларды болтурбоо, зомбулук жана эксплуатациялоо маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу | 2026-жылдын II жарым жылдыгы - 2027-жылдын II жарым жылдыгы | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказдын алкагында квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн кызматчылардын саны | КРПМБА, МКЖӨБМА, ЭСКММ, ИЖБИМ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ||
7.6. Лидер аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын потенциалын жогорулатуу | 2026-2027-жылдар | Лидер аялдар лидерлик көндүмдөрүн жакшыртты | ЭСКММ | Бюджеттен тышкаркы каражаттардын алкагында | ||
Кыскартуулардын тизмеси
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
СӨИТМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
СДУИ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту |
"Кызмат" ММ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
БКР | - | башкаруучу кадрлар резерви". |
|
| 2-тиркеме |
|
| "3-тиркеме |
2024-2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасынын БЮДЖЕТИ
№ | Милдеттер | Чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Өлчөө бирдиги | Муктаждык | Мүмкүнчүлүк | Финансылык ажырым | |||||||||
МБ | Гранттар | Башкалар | Бардыгы | МБ | Гранттар | Башкалар | Бардыгы | МБ | Гранттар | Башкалар | Бардыгы | ||||||
1-глава. Биринчи кезектеги чаралар | |||||||||||||||||
1 | Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине аялдарды көбүрөөк тартуу | 1.1. Аялдарга басым жасоо менен талапкерлерди кадрлар резервдерине киргизүү үчүн конкурс жөнүндө маалыматтык кампанияны жүргүзүү | МКЖӨБМА, ММЖСМ ЖМА, мамлекеттик ЖМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын I жарым жылдыгы | миң сом | 12812,0 | 0,0 | 563,6 | 13375,6 | 12812,0 | 0,0 | 0,0 | 12812,0 | 0,0 | 0,0 | -563,6 | -563,6 |
миң долл. | 143,4 | 0,0 | 6,3 | 149,7 | 143,4 | 0,0 | 0,0 | 143,4 | 0,0 | 0,0 | -6,3 | -6,3 | |||||
1.2. Кадрлар резервдерине киргизүү үчүн конкурска катышууга арыз берген жана кадрлар резервдерине киргизилген адамдардын жынысы боюнча бөлүштүрүлгөн тизмелерин түзүү жана ведомстволук сайтка жарыялоо | МКЖӨБМА | Зарылдыгына жараша | миң сом | 1512,0 | 0,0 | 0,0 | 1512,0 | 1512,0 | 0,0 | 0,0 | 1512,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | ||
миң долл. | 16,9 | 0,0 | 0,0 | 16,9 | 16,9 | 0,0 | 0,0 | 16,9 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||||
2 | Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине киргизүү үчүн аял талапкерлердин потенциалын жогорулатуу | 2.1. Кадрлар резервдерине киргизилген аялдар үчүн окутуу программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | КРПМБА, ИЖБИМ | 2024-жылдын I жарым жылдыгы | миң сом | 252,0 | 0,0 | 1123,5 | 1375,5 | 252,0 | 0,0 | 0,0 | 252,0 | 0,0 | 0,0 | -1123,5 | -1123,5 |
миң долл. | 2,8 | 0,0 | 12,6 | 15,4 | 2,8 | 0,0 | 0,0 | 2,8 | 0,0 | 0,0 | -12,6 | -12,6 | |||||
2.2. Кадрлар резервдерине киргизилген аялдар үчүн кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу | КРПМБА | 2024-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 96,0 | 0,0 | 3000,0 | 3096,0 | 96,0 | 0,0 | 0,0 | 96,0 | 0,0 | 0,0 | -3000,0 | -3000,0 | ||
миң долл. | 1,1 | 0,0 | 33,6 | 34,7 | 1,1 | 0,0 | 0,0 | 1,1 | 0,0 | 0,0 | -33,6 | -33,6 | |||||
3 | Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине аял талапкерлерди тандоо | 3.1. Кадрлар резервдерине киргизүү үчүн талапкерлер гендердик балансты эске алуу менен колдонуудагы ЧУАга ылайык каралат | МКЖӨБМА | 2024-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 252,0 | 0,0 | 0,0 | 252,0 | 252,0 | 0,0 | 0,0 | 252,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
миң долл. | 2,8 | 0,0 | 0,0 | 2,8 | 2,8 | 0,0 | 0,0 | 2,8 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||||
3.2. Резервдегилердин тизмеси (сапаттык курамы) веб-сайтка жайгаштырылды | МКЖӨБМА | 2024-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 42,0 | 0,0 | 0.0 | 42,0 | 42,0 | 0,0 | 0,0 | 42,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | ||
миң долл. | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 0,5 | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||||
1. Биринчи кезектеги чаралар | миң сом | 14966, | 0,0 | 4687,1 | 19653,1 | 14966,0 | 0,0 | 0,0 | 14966,0 | 0,0 | 0,0 | -4687,1 | -4687,1 | ||||
миң долл. | 167,5 | 0,0 | 52,5 | 220,0 | 167,5 | 0,0 | 0,0 | 167,5 | 0,0 | 0,0 | -52,5 | -52,5 | |||||
2-глава. Башкаруучу кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү | |||||||||||||||||
4 | Лидер аялдардын өкүлчүлүгүн эске алуу менен башкаруучу кадрлар резервин (БКР) түзүү | 4.1.БКРди түзүү жана анын иштөө тартибин аныктаган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | МКЖӨБМА, ЭСКММ | 2026-жылдын I жарым жылдыгы | миң сом | 168,0 | 0,0 | 0,0 | 168,0 | 168,0 | 0,0 | 0,0 | 168,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
миң долл. | 1,9 | 0,0 | 0,0 | 1,9 | 1,9 | 0,0 | 0,0 | 1,9 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||||
4.2. БКРге киргизүү үчүн талапкерлерди конкурстук тандоодон өткөрүү боюнча нускаманы иштеп чыгуу. анын ичинде төмөнкүлөрдү баалоо боюнча тестирлөөнү: - Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарын билүү деңгээлин жана укук колдонуу практикасынын көндүмдөрүн; - кесиптик маанилүү жеке сапаттарын | МКЖӨБМА | 2026-жылдын I жарым жылдыгы | миң сом | 84,0 | 0,0 | 0,0 | 84,0 | 84,0 | 0,0 | 0,0 | 84,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | ||
миң долл. | 0,96 | 0,0 | 0,0 | 0,96 | 0,96 | 0,0 | 0,0 | 0,96 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||||
4.3. БКРге талапкерлерди конкурстук тандоодо гендердик баланстын принцибинин сакталышын баалоо методикасын иштеп чыгуу | МКЖӨБМА, ЭСКММ | 2026-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 84,0 | 0,0 | 0,0 | 84,0 | 84,0 | 0,0 | 0,0 | 84,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | ||
миң долл. | 0,96 | 0,0 | 0,0 | 0,96 | 0,96 | 0,0 | 0,0 | 0,96 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||||
4.4. Негизги маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен БКРдин гендердик курамына электрондук мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу | МКЖӨБМА, ЭСКММ, СӨИТМ, "Кызмат" ММ | 2027-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 504,0 | 0,0 | 4660,0 | 5164,0 | 504,0 | 0,0 | 0,0 | 504,0 | 0,0 | 0,0 | -4660,0 | -4660,0 | ||
миң долл. | 5,8 | 0,0 | 53,3 | 59,1 | 5,8 | 0,0 | 0,0 | 5,8 | 0,0 | 0,0 | -53,3 | -53,3 | |||||
4.5. Мамлекеттик башкаруу системасында эркектер менен бирдей эле аялдардын да катышуусунун бирдей мүмкүнчүлүк-төрү жөнүндө кеңири маалыматтык кампания жүргүзүү (публикациялар, видеороликтер, ийгиликтүү аял жетекчилер менен маектешүүлөр) | ЭСКММ, ММЖСМ, МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, мамлекеттик ЖМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын I жарым жылдыгынан баштап жарым жылдыктар боюнча | миң сом | 49648,0 | 0,0 | 2000,0 | 51648,0 | 49648,0 | 0,0 | 0,0 | 49648,0 | 0,0 | 0,0 | -2000,0 | -2000,0 | ||
миң долл. | 567,7 | 0,0 | 22,9 | 590,6 | 567,7 | 0,0 | 0,0 | 567,7 | 0,0 | 0,0 | -22,9 | -22,9 | |||||
4.6. БКРди түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, анын ичинде БКРге киргизилген жана БКРден саясий кызмат орундарына дайындалган аялдар жөнүндө маалыматтарды жарыялоо аркылуу | МКЖӨБМА | 2026-жылдын I жарым жылдыгынан баштап жарым жылдыктар боюнча | миң сом | 126,0 | 0,0 | 0,0 | 126,0 | 126,0 | 0,0 | 0,0 | 126,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | ||
миң долл. | 1,4 | 0,0 | 0,0 | 1,4 | 1,4 | 0,0 | 0,0 | 1,4 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||||
5 | Аялдарга карата карьералык пландоонун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | БКРге киргизилген аялдарга карата карьералык пландоонун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | МКЖӨБМА | 2026-жылдын II жарым жылдыгынан баштап жыл сайын | миң сом | 43928,0 | 0,0 | 3366,5 | 47294,5 | 43928,0 | 0,0 | 0,0 | 43928,0 | 0,0 | 0,0 | -3366,5 | -3366,5 |
миң долл. | 502,3 | 0,0 | 38,5 | 540,8 | 502,3 | 0,0 | 0,0 | 502,3 | 0,0 | 0,0 | -38,5 | -38,5 | |||||
6 | Мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктары бузулган учурларга изилдөө жүргүзүү | 6.1. Мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктарынын бузулган учурларына изилдөө жүргүзүү боюнча методологияны иштеп чыгуу | СДУИ | 2025-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 42,0 | 0,0 | 830,0 | 872,0 | 42,0 | 0,0 | 0,0 | 42,0 | 0,0 | 0,0 | -830,0 | -830,0 |
миң долл. | 0,5 | 0,0 | 9,5 | 10,0 | 0,5 | 0,0 | 0,0 | 0,5 | 0,0 | 0,0 | -9,5 | -9,5 | |||||
6.2. Мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктары бузулган учурларга изилдөө жүргүзүү | СДУИ, МКЖӨБМА, ЭСКММ | 2026-жылдын I жарым жылдыгы | миң сом | 84,0 | 0,0 | 1670,0 | 1754,0 | 84,0 | 0,0 | 0,0 | 84,0 | 0,0 | 0,0 | -1670,0 | -1670,0 | ||
миң долл. | 1,0 | 0,0 | 19,1 | 20,1 | 1,0 | 0,0 | 0,0 | 1,0 | 0,0 | 0,0 | -19,1 | -19,1 | |||||
6.3. Мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен изилдөөнүн жыйынтыктарын жана сунуштарын талкуулоону уюштуруу | СДУИ, МКЖӨБМА, ЭСКММ | 2026-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 63,0 | 0,0 | 252,0 | 315,0 | 63,0 | 0,0 | 0,0 | 63,0 | 0,0 | 0,0 | -252,0 | -252,0 | ||
миң долл. | 0,7 | 0,0 | 2,9 | 3,6 | 0,7 | 0,0 | 0,0 | 0,7 | 0,0 | 0,0 | -2,9 | -2,9 | |||||
2. Башкаруучу кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү | миң сом | 94731,0 | 0,0 | 12778,5 | 107509,5 | 94731,0 | 0,0 | 0,0 | 94731,0 | 0,0 | 0,0 | -12778,5 | -12778,5 | ||||
миң долл. | 1083,2 | 0,0 | 146,2 | 1229,4 | 1083,2 | 0,0 | 0,0 | 1083,2 | 0,0 | 0,0 | -146,2 | -146,2 | |||||
3-глава. Жетекчилик позицияларга талапкер аялдарды даярдоо системасы | |||||||||||||||||
7 | Билим берүү, анын ичинде стипендиялык программа аркылуу талап кылынган компетенцияларды алууда лидер аялдарга колдоо көрсөтүү системасын түзүү | 7.1. "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги" профили боюнча магистратуранын окуу планын иштеп чыгуу жана бекитүү | КРПМБА, ИЖБИМ | 2024-жылдын I жарым жылдыгы | миң сом | 135,0 | 0,0 | 792,8 | 927,8 | 135,0 | 0,0 | 0,0 | 135,0 | 0,0 | 0,0 | -792,8 | -792,8 |
миң долл. | 1,5 | 0,0 | 8,9 | 10,4 | 1,5 | 0,0 | 0,0 | 1,5 | 0,0 | 0,0 | -8,9 | -8,9 | |||||
7.2. "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана аялдардын лидерлиги" профили боюнча магистрдик программаны ачуу | КРПМБА, ИЖБИМ | 2024-жылдын I жарым жылдыгы - 2027-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 702,0 | 0,0 | 1139,3 | 1841,3 | 702,0 | 0,0 | 0,0 | 702,0 | 0,0 | 0,0 | -1139,3 | -1139,3 | ||
миң долл. | 8,0 | 0,0 | 13,0 | 21,0 | 8,0 | 0,0 | 0,0 | 8,0 | 0,0 | 0,0 | -13,0 | -13,0 | |||||
7.3. БКРди түзүүнүн алкагында гендердик квота боюнча тандалган лидер аялдардын башкаруу компетенцияларын жогорулатууга багытталган "Жаңы муундун лидерлери" билим берүү программасын иштеп чыгуу | КРПМБА | 2026-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 702,0 | 0,0 | 1139,3 | 1841,3 | 702,0 | 0,0 | 0,0 | 702,0 | 0,0 | 0,0 | -1139,3 | -1139,3 | ||
миң долл. | 8,0 | 0,0 | 13,0 | 21,0 | 8,0 | 0,0 | 0,0 | 8,0 | 0,0 | 0,0 | -13,0 | -13,0 | |||||
7.4. БКРди түзүүнүн алкагында гендердик квота боюнча тандалган лидер аялдарды "Жаңы муундун лидерлери" программасы боюнча окутууну уюштуруу жана жүргүзүү | КРПМБА, МКЖӨБМА | 2026-жылдын II жарым жылдыгы - 2027-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 31479,4 | 0,0 | 0,0 | 31479,4 | 31479,4 | 0,0 | 0,0 | 31479,4 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | ||
миң долл. | 360,0 | 0,0 | 0,0 | 360,0 | 360,0 | 0,0 | 0,0 | 360,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |||||
7.5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жумуш ордунда гендердик теңчиликти сактоо, анын ичинде жумуш ордунда асылууларды болтурбоо, зомбулук жана эксплуатациялоо маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу | КРПМБА, МКЖӨБМА, ЭСКММ, ИЖБИМ | 2026-жылдын II жарым жылдыгы - 2027-жылдын II жарым жылдыгы | миң сом | 288,0 | 0,0 | 2140,0 | 2428,0 | 288,0 | 0,0 | 0,0 | 288,0 | 0,0 | 0,0 | -2140,0 | -2140,0 | ||
миң долл. | 3,3 | 0,0 | 24,5 | 27,8 | 3,3 | 0,0 | 0,0 | 3,3 | 0,0 | 0,0 | -24,5 | -24,5 | |||||
7.6. Лидер аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын потенциалын жогорулатуу | ЭСКММ | 2026-2027-жылдар | миң сом | 336,0 | 0,0 | 8106,0 | 8442,0 | 336,0 | 0,0 | 2026,5 | 2362,5 | 0,0 | 0,0 | -6079,5 | -6079,5 | ||
миң долл. | 3,8 | 0,0 | 92,7 | 96,5 | 3,8 | 0,0 | 23,2 | 27,0 | 0,0 | 0,0 | -69,5 | -69,5 | |||||
3. Жетекчилик позицияларга талапкер аялдарды даярдоо системасы | миң сом | 33642,4 | 0,0 | 13317,4 | 46959,8 | 33642,4 | 0,0 | 2026,5 | 35668,9 | 0,0 | 0,0 | -11290,9 | -11290,9 | ||||
миң долл. | 384,6 | 0,0 | 152,1 | 536,7 | 384,6 | 0,0 | 23,2 | 407,8 | 0,0 | 0,0 | -128,9 | -128,9 | |||||
| Жалпы | миң сом | 143339,4 | 0,0 | 30783,0 | 174122,4 | 143339,4 | 0,0 | 2026,5 | 145365,9 | 0,0 | 0,0 | -28756,5 | -28756,5 | |||
миң долл. | 1635,3 | 0,0 | 350,8 | 1986,1 | 1635,3 | 0,0 | 23,2 | 1658,5 | 0,0 | 0,0 | -327,6 | -327,6 | |||||
Кыскартуулардын тизмеси
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
СӨИТМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
СДУИ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту |
"Кызмат" ММ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
БКР | - | башкаруучу кадрлар резерви". |
|
| 3-тиркеме |
|
| "4-тиркеме |
2024-2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | 2023-базалык жыл | Аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же 2027-жылдагы максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||
2024-жыл | 2025-жыл | 2026-жыл | |||||||
1-глава. Биринчи кезектеги чаралар | |||||||||
1 | Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине аялдарды көбүрөөк тартуу | Региондук кадрлар резервиндеги аялдардын үлүшү | % | 15,2% | 18 % | 22% | 26% | 30% | МКЖӨБМА, ММСЖСМ, ЖМА, мамлекеттик ЖМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Муниципалдык кадрлар резервиндеги аялдардын үлүшү | % | 10,3 % | 15 % | 20% | 25 % | 30% | |||
2 | Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине киргизүү үчүн аял талапкерлердин потенциалын жогорулатуу | Окутуу (кыска мөөнөттүү курстар жана башкалар) менен камтылган аялдардын саны | Адам | 0 | 50 | - | - | - | КРПМБА, ИЖБИМ |
3 | Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине аял талапкерлерди тандоо | Региондук кадрлар резервине киргизилген аялдардын саны | Адам | 91 | 95 | 100 | 110 | 120 | МКЖӨБМА |
Муниципалдык кадрлар резервине киргизилген аялдардын саны | Адам | 123 | 200 | 250 | 300 | 350 | |||
2-глава. Башкаруучу кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү | |||||||||
4 | Лидер аялдардын өкүлчүлүгүн эске алуу менен башкаруучу кадрлар резервин (БКР) түзүү | Региондук резервдеги/муниципалдык резервдеги/БКРдеги аялдардын саны | Адам | 0 | 20 | 40 | 60 | 80 | МКЖӨБМА, ЭСКММ |
БКРге аялдарды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат менен ЖМКда жана социалдык медиада жарыялоолордун, чыгып сүйлөөлөрдүн саны | Бирдик | 0 | Иш жүзүндөгү саны | Иш жүзүндөгү саны | Иш жүзүндөгү саны | Иш жүзүндөгү саны | ЭСКММ, МКЖӨБМА, ММЖСМ, мамлекеттик органдар, мамлекеттик ЖМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Региондук резервге/муниципалдык резервге/БКРге киргизүү үчүн конкурстук тандоого катышкан аялдардын саны | Адам | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү саны | Иш жүзүндөгү саны | Иш жүзүндөгү саны | МКЖӨБМА | ||
5 | Аялдарга карата карьералык пландоону ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү | Аялдардын кесиптик жана карьералык өсүшүнүн жеке пландарын ишке киргизген мамлекеттик органдардын/ЖӨБОнун саны | Бирдик | 0 | Иш жүзүндөгү саны | Иш жүзүндөгү саны | Иш жүзүндөгү саны | Иш жүзүндөгү саны | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
6 | Мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктары бузулган учурларга изилдөө жүргүзүү | Аналитикалык отчет | Документ | 0 | 1 |
|
| 1 | СДУИ, ЭСКММ, МКЖӨБМА |
3-глава. Жетекчилик позицияларга талапкер аялдарды даярдоо системасы | |||||||||
7 | Билим берүү, анын ичинде стипендиялык программа аркылуу талап кылынган компетенцияларды алууда лидер аялдарга колдоо көрсөтүү системасын түзүү | Магистратурага кабыл алынган аялдардын саны | Адам | 0 | 20 | 40 | 60 | 80 | КРПМБА |
Башкаруу компетенцияларын жогорулатууга багытталган ар түрдүү окуу курстарынан өткөн аялдардын саны | Адам | 0 | 50 | 100 | 150 | 200 | КРПМБА, МКЖӨБМА | ||
Кыскартуулардын тизмеси
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
СДУИ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
БКР | - | башкаруучу кадрлар резерви". |