Редакцияот 11.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VIII сессиясы

 

2025-жылдын 11-июнундагы № 6/8

 

Датка айыл  аймагынан таштанды чыгарууга Көп тармактуу Датка атындагы муниципалдык ишканасына тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-августундагы "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар" Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Көп тармактуу Датка муниципалдык ишканасына жетекчилигинин кайрылуусун карап жана сессияда талкуулап, Датка айыл аймагынын  айылдык кеңеши

Токтом кылат:

1. Датка айыл аймагынан таштанды чыгаруу үчүн Көп тармактуу Датка атындагы муниципалдык ишканасына төмөнкү тариф бекитилсин:

- айына бир кожолуктан 250 сомдон;

-таштанды чыгаруу графигин иштеп чыгуу жана айыл өкмөтүнө бекитүүгө киргизилсин (айына эки жолудан кем эмес);

2. Көп тармактуу муниципалдык ишкананын жетекчилигине:

- кызматтарды керектөөчүлөр менен келишим иштеп чыгуу жана түзүү жагы жүктөлсүн;

- катуу-тиричилик калдыктарын (таштандыларды) ташып чыгаруу менен алектенген жеке ишкерлер арасында ачык сынак өткөрүү жагы жүктөлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.А. Каримовго жүктөлсүн;

4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Датка айылдык Кеңештин “Бюджет жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек