Редакцияот 11.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VIII сессиясы

 

2025-жылдын 11-июнундагы № 7/8

 

Датка айыл аймагына караштуу №5459  Маруфий шайлоо участкасын  Ташлак айылына өзүнчө шайлоо участка катары  берүүгө макулдук берүү  жөнүндө

Датка айыл аймагына караштуу Ташлак айылында 2025-жылдын 11-июнунда өткөн элдик жыйындын №12-протоколунун негизинде, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында жана сессияда талкуулап, Датка айыл аймагынын  айылдык кеңеши

Токтом кылат:

1. Датка айыл аймагына караштуу Ташлак айылындагы № 5459 шайлоо участкасында шайлоочунун саны 4288 болуп кеткендигине байланыштуу эки участка кылып түзүүгө макулдук берилсин;

2. Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Датка айыл өкмөтүнүн башчысы З.А.Каримовго милдеттендирилсин;

3. Бул токтом Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн;

4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек