Редакцияот 07.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз IХ сессиясы

 

2025-жылдын 07-августундагы № 3/9

 

«Актан Нуру» балдар бакчасына жаңы бир топ ачуу жөнүндө»

Датка айыл аймагынын Медресе айылынын «Актан Нуру» бала бакчасынын жетекчилигинин кайрылуусун (чыг. №8 31.07.2025 ж.) карап чыгып, Датка айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы

Токтом кылат:

1. Датка айыл аймагынын Медресе айылындагы "Актан Нуру" бала бакчасына мектепке чейинки билим берүүнүн  жаңы бир тобун ачууга макулдук берилсин;

2. Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан "Актан Нуру " бала бакчасынын ишин толук кандуу уюштуруу үчүн кошумча штат ачууну суралсын;

3. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнү ФЭБ башкы адиси М.Тажиковага Медресе  айылындагы "Актан Нуру" балдар бакчасынын жаны ачыла турган бир топту тамактануу чыгымдарын эске алуу менен 2025-жылдын II-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Датка айылдык кеңешке бюджет бекитүүгө сунуш киргизилсин;

4. Ушул токтомду аккаруу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы орун басары Б.Маданбековко милдеттендирилсин;

5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин “Социальдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек