Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги Х сессиясы

 

2025-жылдын 05-сентябрындагы № 4/10

 

Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Терек айылындагы №27 негизги мектебине класс ачуу  жөнүндө

 

Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Терек айылындагы №27 негизги мектебине  тоолуу шарты жок оор жана Лангар айылынын Култаев орто мектебинен 4 чакырым алыста жайгашкандыгына  байланыштуу, жашаган тургундардын, мектеп администрациясынын билдирүүсү (2025 -жыл. 3-сентябрындагы чыг.№167) карап чыгып,Датка айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы карап, талкуулап

Токтом кылат:

1. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Терек айылынын №27 башталгыч мектебине төмөндөгү класстарды 2025-2026 жылында:

- 1 класс т12 жылдык  – 12 окуучуга;

- 2 класста 12 жылдык   - 10 окуучуга;

- 2 класс 11 жылдык – 11 окуучуга;

- 3 класста  - 13 окуучуга;

- 4 класста  - 20 окуучуга;

- 6 класста  - 9 окуучуга;

- 8 класста  -7 окуучуга;

- 9 класста - 13 окуучуга ачууга уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы Б. Маданбековго милдеттендирилсин;

3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Социалдык коргоо жана маданий маселелер” боюнча комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек