Редакцияот 13.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIII сессиясы

 

2025-жылдын 11-ноябрындагы № 4/13

 

"Авангард" медициналык борборунун ээлеп турган 3633,2 чарчы метр

жер аянтын  муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл. 20 октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин  жетекчиликке алып,Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (№01-13/1983 07.11.2025-ж.) катынын негизинде,  Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз ХIII сессиясы

Токтом кылат:

1. "Авангард" медициналык борборунун ээлеп турган 3633,2 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын;

2. Аталган "Авангард" медициналык борборуна тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам чегинде даярдоо, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адистерине жүктөлсүн;

3. "Авангард" медициналык борборуна тийиштүү болгон иш кагаздарды Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Жэер ресурстар , кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигин Кара-Суу филиалынан суралсын;

4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Бюджет жана финансы маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек