Редакцияот 13.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIII сессиясы

 

2025-жылдын 11-ноябрындагы № 6/13

 

Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Шилибили участкасынын

жашоочусу Ч.Жумашевага таандык №150 контурдагы 0,60 сотых жер

аянтын жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №18 – беренесин жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын Шилибили участкасынын жашоочусу Ч.Жумашеваны кайрылуусунун негизинде жана Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер, турак–жай жана  коммуналдык  маселелер боюнча”  туруктуу   комиссиясынын   (2025-ж. 20-ноябырындагы №12в) протоколун карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз ХIII сессиясы

Токтом кылат:

1 Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Шилибили участкасынын жашоочусу Ч.Жумашевага таандык №150 контурдагы 0,60 сотых жер аянтын муниципалдык менчиктен жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;

2. Аталган жерлер боюнча тиешелүү иштерди аткаруу Датка айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовко жүктөлсүн;

3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;

4. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кадастр” мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынан суралсын;

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагын айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек