Редакцияот 25.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIV сессиясы

 

2025-жылдын 25-декабрындагы № 3/14

 

Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы участксында турак үйлөрдү курууга максатында мурун  берилген 0,06 га дан  41 даана жалпы 2,46 га жер тилкелерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын 2021-ж. 20 октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин  жетекчиликке    алып,  Ош   облусунун  Администартивтик  сотун  2025-жылдын 30-сентябрындагы №АД-284/25 МР чечиминнегизинде, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн (чыг. №2025-ж. 16 декабрындагы № 01-13/2186) катын карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

Токтом кылат:

1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы участкасында турак үйлөрдү куруу максатында мурун берилген 0,06 га дан 41 даана жалпы 2,46 га жер тилкелерди муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин;

2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнун башчысы З.Каримовко жүктөлсүн;

3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек