Редакцияот 25.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIV сессиясы

 

2025-жылдын 25-декабрындагы № 4/14

 

Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы участкасындагы №№20,21,23 жана 26 контурлардагы жалпы 5,0 га  жайыт жер тилкесин

Медресе айылынын тургуну М.Хаитовко  мисте багын андан ары өстүрүү максатында 49 жылга  ижарага берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-ж. 20 октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин  жетекчиликке алып,Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун (2025-ж. 17-декабрындагы №13б протоколу) негизинде карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз ХV сессиясы

Токтом кылат:

1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы участкасындагы №№20,21,23 жана 26 контурлардагы жалпы 5,0 га жайыт жер тилкесин Медресе айылынын тургуну М.Хаитовко мисте багын андан ары өстүрүү максатында 49 жылга ижарага берүүго макулдук берилсин;

2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн;

3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек