Редакцияот 10.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы

 

2026-жылдын 10-февралындагы № 2/15

 

Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлеринин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө

 

Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин үномдүү пайдалануу максатында, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги  ХV сессиясы

Токтом кылат:

1. Датка айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүгө төмөнкү башталгыч нарктар бекитилсин:

- көп жылдык бак-дарактар жерлери үчүн – 6500 сом бир га;

- сугат суу жерлери үчүн – 6000 сом  бир га.

- тыт -көчөт жана кайрак айдоо жерлери үчүн – 5500 сом бир га.

- аукционго катышуу укугу үчүн акы кайтарылгыс - 1000 сом.

2. . Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүнү туруктуу комиссияга жүктөлсүн;

3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек