Редакцияот 10.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы

 

2026-жылдын 10-февралындагы № 5/15

 

Датка айыл аймагында жашаган Ооган согушунун катышуучулары

үчүн катуу-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн

төлөмдөрдөн 50 пайыз жеңилдик берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин  жетекчиликке алып,Ооган согушунун катышуучуларын (2026-ж. 02-февралындагы кир.№136/5) арызын карап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы

Токтом кылат:

1. Датка айыл аймагында жашаган Ооган согушунун катышуучулары үчүн катуу-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн төлөмдөрдөн 50 пайыз жеңилдик берүүгө макулдук берүү жөнүндө;

2. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Датка” көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчилиги бул токтомду аткарууга алуусу белгиленсин;

3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек