Редакцияот 10.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы

 

2026-жылдын 10-февралындагы № 8/15

 

Датка айыл аймагынын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

"Датка айыл аймагынын 2025 – жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча" Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З. Каримовдун берилген отчетун карап чыгып, талкуулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

Токтом кылат:

1. "Датка айыл аймагынын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" айыл өкмөтүнүн башчысын берген отчетун карап чыгып, айыл өкмөтүнүн башчысынын З.Каримовдун алып барылган иштери канааттандыраарлык деп табылсын;

2. Датка айыл өкмөтүнүн башчысы З. Каримовго “Датка айыл аймагынын 2025-2030-жылдырга карата Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Програмассындагы” 2026-жылга белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүү милдеттендирилсин;

3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек