КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-январы № 22-т
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-августундагы № 334-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
– экинчи абзацтагы “узундугу 3,7 км” деген сөздөр “узундугу 3,89 км” деген сөздөргө алмаштырылсын, “куруу менен” деген сөздөрдөн кийин “, баланска кийин кабыл алуу жана аларды андан ары күтүүнү камсыз кылуу менен” деген сөздөр менен толукталсын;
– үчүнчү абзац “реабилитациялоо менен” деген сөздөрдөн кийин “, баланска кийин кабыл алуу жана аларды андан ары күтүүнү камсыз кылуу менен” деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |