Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-февралы № 125
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгында каралган мамлекеттик башкаруунун жана стратегиялык пландоонун өткөрүлүп жаткан реформаларынан келип чыккан милдеттерге ылайык келтирүү максатында, ошондой эле көрсөтүлгөн Иш-аракеттер планынын айрым милдеттери актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:
- 2-главанын 4-пунктунун 4.1 жана 4.2-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-февралындагы № 14 (3774) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |