Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-декабры № 1147-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 30-майында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 1147-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 30-майында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) негизги максаты инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу тараптардын эки тараптуу экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү болуп саналат.
Бул Макулдашуунун максаты инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана капиталдык салымдар менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу аркылуу алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө келишимдик укуктук базаны түзүү болуп саналат.
Макулдашуу компенсация төлөп берүүнү камсыз кылуу жолу менен мажбурлап укуктан ажыратуудан коргоону, эл аралык арбитражга жетүүнү, ошондой эле өлкөлөрдүн чет өлкөлүк инвестицияларга адилет жана бирдей мамилесин камсыз кылат.
Бул Макулдашуу эки тараптын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлордун укуктарынын өз ара эл аралык-укуктук кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган "алкактык" мүнөзгө ээ.
Өз кезегинде Макулдашуунун долбоорунда каралган ченемдер капиталдын келишине, ошондой эле тараптардын экономикалык өнүгүүсүнө дем берет.
Макулдашуунун тексти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылды (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2024-жылдын 1-октябрындагы № 6-9377/24 чечими, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 6-9337/24 чечими).
Мурда, кол коюуга чейин Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 599-т тескемеси менен жактырылган.
Сунушталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.