Редакцияот 17.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 17-апрели № 208

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө жободо:

- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- аштык буудай данын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана майдалоо.";

- 9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- республиканын региондорунда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын жайгаштыруу, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу боюнча ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди, филиалдарды жана башка пункттарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды зарылдыгына жараша белгиленген тартипте киргизүүгө;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев