Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 4-февралы № 60-т
Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул тескемеде белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын ТИЗМЕГИ
№ | Уюмдун аталышы, СИН | Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы | Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы | Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү | Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагындагы улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери |
1 | "Кыргыз футбол биримдиги" юридикалык жактардын бирикмеси, СИН 00612201910286 | "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоору | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |