Редакцияот 17.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2025-жылдын 17-февралы № 63

     Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы суу насосун жана Рават айылындагы Тике суу кудуктарын (скважиналарды) айыл өкмөттүн балансына алуу жана Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө.

    Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 29-беренесинин,Кыргыз республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун биринчи пунктчасына ылайык  Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп,талкуулап карап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

      

1.    Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр айылындагы 1(бир)суу насосу жана Рават айылындагы 2(эки) тике суу кудук Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн балансына алынып, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берүүгө макулдук берилсин.

         

       -  Ак-Татыр айылы Аэропорт конушундагы Турат суу насосу.

       - Тик кудук 1, рават айылындагы жаштык көчөсүндөгү

       - Тик кудук 2, рават айылындагы А.Бактыбаев көчөсүндөгү

         2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

          3.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

         4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

         5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.                                                  .      

         6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:

 

Т.Исманов