Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-декабры №19/135
Новопавловка айылдык аймагынын резервдик фонду жөнүндө
Новопавловка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн адиси Н.Таалайбек кызынын Новопавловка айылдык аймагынын резервдик фонду жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 24-беренесине ылайык, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык аймагынын резервдик фонду түзүлсүн.
2. “Новопавловка айылдык аймагынын резервдик фонду жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. С. Мурзакматовго жүктөлсүн.
Төрага: |
| А. Абышев |
|
| Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-декабрындагы №19/135 токтомуна тиркеме |
“Новопавловка айылдык аймагынын резервдик фонду жөнүндө”
ЖОБО
I глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Новопавловка айылдык аймагынын резервдик фондунун (мындан ары-резервдик фонд) каражаттарын түзүү жана каржылоо тартибин аныктайт.
2. Резервдик фонд Новопавловка айыл өкмөтүнүн учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн каралган жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык түзүлөт. Резервдик фонд жергиликтүү өздүк кирешелерден учурдагы түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
3. Резервдик фонддун каражаттары тийиштүү финансылык жылга карата Новопавловка айылдык аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн белгиленген.
II глава. Резервдик фондду түзүү тартиби
4. Резервдик фонд Новопавловка айылдык аймагынын бюджетинин чыгымдарынын курамында түзүлөт. Резервдик фондунун өлчөмү жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 2 пайызынан ашпашы керек (резервдик фонддун каражаттарын жана жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөрдү эске албаганда).
5. Резервдик фонддун көлөмү Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине ылайык Новопавловка айылдык кеңеши тарабынан кезектеги финансылык жылга Новопавловка айылдык аймагынын бюджетин бекитүүдө белгиленет.
III глава. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоонун багыттары
6. Резервдик фонддун каражаттары бул Жобо тарабынан каралган максаттуу багытка ылайык чыгымдалат. Резервдик фондду пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим Новопавловка айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык кабыл алынат.
7. Резервдик фонддон каражаттар жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган айылдык аймагында өткөрүлүүчү экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларда күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт, анын ичинде:
а) расмий күндөргө арналган майрам күндөрүндөгү расмий иш-чараларды өткөрүү;
б) расмий кабыл алууларды, жолугушууларды, семинарларды жана башка жалпы маанидеги иш-чараларды өткөрүү;
в) айылдык аймагында турган социалдык-маданий жана административдик объекттердин материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын ремонттоого жана жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүү;
г) Улуу Ата-Мекендик согуштун учурунда тылда иштеген ардагерлерине, эмгек ардагерлерине, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон жана табият кырсыктарынын натыйжасында жапа чеккен жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү;
д) табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын-алуу жана жоюу боюнча маселелерди тез арада чечүү, ошондой эле айылдык аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо;
е) спорт иш-чараларынын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерине финансылык жактан колдоо көрсөтүү;
ж) жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкерлерине өзү же жакын туугандары ооруп же каза болгон учурларда материалдык жардам көрсөтүү;
з) табигый кырсыктардан, жаратылыш-техногендик катастрофалардан жапа чеккен социалдык-тиричилик, турак-жай-коммуналдык багыттагы объекттерин калыбына келтирүү жана ремонттоо иштерин каржылоо (атайын жабдууларды, чарба инвентарларын, дары-дармектерди, тамак-аш продуктыларын, күйүүчү май сатып алуу);
и) мыйзам күчүнө кирген соттук инстанциялардын актыларын аткаруу;
к) аскерге чакыруу комиссиялардын ишин камсыздоо үчүн финансылык жардам көрсөтүү;
л) Новопавловка айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына тийиштүү башка иш-чараларды жана чыгымдарды каржылоо.
8. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
а) шайлоо, референдум өткөрүүгө;
б) Новопавловка айыл өкмөтүнүн жана Новопавловка айылдык кеңешинин жетекчилеринин ишин чагылдырууга;
в) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга материалдык сый акы берүүгө;
г) Новопавловка айыл өкмөтүнүн жана Новопавловка айылдык кеңешинин ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга;
д) киреше алып келүүчү коммерциялык максаттарга же ишмердикке;
е) өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин күтүүгө жана камсыздоого;
ж) депутаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин өз кызыкчылыктарын канааттандырууга.
IV глава. Новопавловка айылдык аймагынын резервдик фондунун каражаттарын чыгымдоо тартиби
9. Резервдик фондунан каражаттар Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде бөлүнөт.
10. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоо боюнча сунуштарды киргизүү укугу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысына, Новопавловка айылдык кеңешинин депутаттарына, Новопавловка айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине, Новопавловка айыл өкмөтүнүн жана Новопавловка айылдык кеңешинин кызматкерлеринин профсоюздук комитетине таандык.
11. Резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө сунуштун демилгечиси сметалык-финансылык документтерди тиркөө менен суралуучу каражаттарды жана анын көлөмүн бөлүү зарылчылыгын негиздөө менен өтүнүчтү Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысына жөнөтөт.
12. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы бул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде сунушталган чыгымдардын максаттуулугу жөнүндө чечим кабыл алат.
V глава. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоого көзөмөл
13. Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине ылайык резервдик фонддун акча каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылуусуна каражат бөлүштүрүүчү жана каражат алуучулар жеке жоопкерчилик тартат.
14. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Новопавловка айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына резервдик фонддун каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө квартал сайын маалымат берет. Резервдик фондун пайдалануу жөнүндө маалыматтар аларды аткаруу жөнүндө отчетторго тиркелет жана милдеттүү жарыяланууга жатат.
Новопавловка айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
| К. Чыныбеков |