Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 1/6
Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин бекитүү 2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорло жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Күнтуу айыл аймагынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун жана 2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлорун карап чыгып, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевдин маалыматын угуп, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 39055,6 миң сом жана атайын каражатынын кирешеси 5260,0 миң сом, бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет)
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 39055,6 миң сом жана атайын каражатынын чыгашасы 5260,0 миң сом бекитилсин. (№2 тиркеме тиркелет)
3. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга карата бюджеттин долбоорун чегерилүүчү теңдөөчү грантты жана атайын каражатты эсепке алып, 2027-жылга карата 48361,6 миң сом, 2028-жылга карата 52785,6 миң сом бекитилсин. (№3 тиркеме тиркелет)
4. 2026-жылга карата Күнтуу айыл өкмөтүндөгү бюджеттин чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, коммуналдык төлөмдөр(көмүргө) каралсын.
5. Күнтуу айыл аймагындагы жылдык планды ашыгы менен аткаруу учурунда киреше бөлүккө түшкөн акча каражаты, Күнтуу айыл аймагындагы социалдык-маданий иш чараларды уюштуруунун чыгымдоосуна каралсын.
6. Чыгымдарды үнөмдөөнүн натыйжасында жылдын аягында калган кирешелердин чыгымдардан ашкан суммасы 01.01.2026-жылга карата (эркин калдыктар) негизги каражаттан 7440,5 миң сом, атайын каражаттан 833,5 миң сом бекитилсин. (№4 тиркеменин негизинде)
7. Күнтуу айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык бирдик саны 2026-жылга карата №1 №2 таблицага ылайык - 9600,6 миң сом, маданият тармагы- 1344,6 мин сом бекитилсин
8. Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттар туура бөлүштүрүлүп жана белгиленген багытта жумшалсын
9. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысына иштин зарылчылыгына байланыштуу атайын каражаттан жана бюджеттик эсептен бир бөлүмдүн ичинен бир эсеп-чоттон - экинчи эсеп-чотко которууга мыйзам чегинде уруксаат берилсин;
10. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планы кабыл алынсын (№5 тиркеменин негизинде)
11. Бул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Суюналиев Мирбек Болокбаевичке жүктөлсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
13.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
14. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
15. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү туруктуу бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |