Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-декабры №19/136
Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык аймагынын Новопавловка айылдык кеңешинин Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айылдык аймагынын Новопавловка айылдык кеңеши” Мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. “Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айылдык аймагынын Новопавловка айылдык кеңеши” мекемеси белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айылдык кеңешинин төрагасы А. З. Абышевге жүктөлсүн.
5. Мамлекеттик каттоо жөнүндө токтомдо андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага: |
| А. Абышев |
|
| Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-декабрындагы №19/136 токтомуна тиркеме |
“ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНДАГЫ НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ” МЕКЕМЕСИНИН УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
2. Айылдык кеңештин компетенциясы
3. Айылдык кенештин сессиялары
4. Айылдык кенештин чечимдери
5. Айылдык кеңештин түзүмү жана органдары
6. Айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары
7. Айылдык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
8. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
9. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
10. Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери
11. Айылдык кеңештин Новопавловка айыл өкмөтү менен болгон мамилеси
12. Айылдык кенештин ишин финансылык жактан камсыз кылуу
13. Айылдык кеңештин Уставына киргизүү жана толуктоолорду киргизүү жана ишин токтотуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Новопавловка айылдык кеңеши (мындан ары - айылдык кеңеш) Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Депутаттын ыйгарым укуктары тиешелүү чакырылыштын биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамында белгиленген кийинки чакырылыштагы кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү аяктайт. Депутат 4 жылдык мөөнөткө шайланат.
1.3. “Новопавловка айылдык кеңеши” мекемесинин ушул Уставы (мындан ары – Устав) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.4. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына кирген маселелерди өз алдынча чечет, анын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, бул чечимдердин аткарылышын контролдойт жана юридикалык жактын статусуна ээ.
1.5. Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана чечимдерин, ошондой эле жергиликтүү жамааттын Уставын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
1.6. Айылдык кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизин сессия түзөт.
1.7. Айылдык кеңештин уставы айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун тартибин, аны уюштуруунун жана ишинин маселелерин, айылдык кеңештин органдарын түзүүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле анын контролдук ишинин процедурасын жана тартибин аныктайт.
1.8. Айылдык кенештин иши мыйзамдуулуктун, коллегиалдуулуктун, объективдүүлүктүн, маселелерди эркин талкуулоонун жана депутаттардын чечимдерди кабыл алуусунун принциптерине негизделет. Талкууга өткөрүлөт.
1.9. Айылдык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул жобо менен белгиленген кепилдиктердин негизинде өз укуктарын жана милдеттерин эркин ишке ашырууга укуктуу.
1.10. Айылдык кеңештин толук юридикалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: "Новопавловка айылдык кеңеши" мекемеси;
Расмий тилде: учреждение «Новопавловский айылный кеңеш».
1.11. Уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.
1.12. Айылдык кенештин мамлекеттик символдору бар өздүк мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары, ошондой эле банк мекемелеринде эсептешүү жана башка эсептери болот.
1.13. Айылдык кеңештин юридикалык дареги: почта индекси 724817, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Новопавловка айылы, Фрунзе көчөсү № 285, телефон: (0312) 45-73-69, e-mail: novopavlovka1999@mail.ru
2. Айылдык кеңештин компетенциясы
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкү маселелерди карайт жана чечимдерди кабыл алат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү, программанын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) мыйзамда каралган учурларда алар боюнча жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле алар үчүн ставкаларды белгилөө;
5) муниципалдык менчикти пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролду жүзөгө ашыруу;
6) Новопавловка айыл өкмөтүнүн жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө жана анын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү үчүн администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо, аларды ээлеген кызматынан бошотуу, айылдык кеңештин төрагасынын мыйзамга каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) айылдык кеңештин Регламентин кабыл алуу;
10) өз чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
11) мыйзамга ылайык муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдаланууга, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултууга, ташып чыгарууга жана жок кылууга тарифтерди бекитүү;
12) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысына жана жерине тыюу салууга чейинки чектөөлөрдү белгилөө;
13) ритуалдык иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү;
14) ирригациялык тармактарды, үй жана турак жай участокторун күтүүнүн тартибин белгилөө;
15) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
16) Новопавловка айылдык кеңешинин уставын бекитүү;
17) Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;
18) Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна бюджеттин, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылбагандыгына байланыштуу жана анын компетенттүүлүгүнө кирген башка маселелерди кароо боюнча сунуштарды киргизүү;
17) Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
3. Айылдык кеңештин сессиялары
3.1. Айылдык кеңештин сессиялары ачык, кварталына бир жолудан кем эмес же айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.2. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат. Айылдык кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечимдерди кабыл алат.
3.3. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер, айылдык кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат, айылдык кеңештин төрагасына, айылдык кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
3.4. Сессияларга календардык жылда төрт жолу же андан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин депуттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
3.5. Айылдык кеңеш жарандарга сессияларды өткөрүү күнү жана күн тартиби жөнүндө алдын ала маалымдоого, алардын сессияга кирүүсүнө шарттарды түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү коомчулукка маалымдоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
3.6. Айылдык кенештин чечимдерин чакыруу, даярдоо, өткөрүү, чечимдерди кабыл алуу жана аткарылышын контролдоо тартиби айылдык кеңештин Регламенти менен аныкталат.
4. Айылдык кенештин чечимдери
4.1. Айылдык кеңештин чечимдери токтомдор жана тескемелер түрүндө чыгарылат, аларга айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
4.2. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, башка актылары тескеме түрүндө кабыл алынат.
4.3. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.4. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдери айылдык кеңештин төрагасынын тескемелери түрүндө ал тарабынан жалгыз кабыл алынат. Айылдык кеңештин төрагасынын тескемелери, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.5. Кабыл алынган актылар Новопавловка айылдык аймагынын бүткүл аймагында юридикалык күчкө ээ жана менчигинин түрүнө карабастан Новопавловка айылдык аймагында жайгашкан бардык ишканалар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, Новопавловка айылдык аймагында жашаган жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
4.6. Айылдык кеңештин чечимдери кандай тартипте кабыл алынган болсо, ошол эле тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготушу мүмкүн.
5. Айылдык кеңештин түзүмү жана органдары
5.1. Айылдык кеңештин депутаттарынын саны 31 депутатты түзөт.
5.2. Айылдык кеңешти эки орун басары бар төрага жетектейт.
5.3. Айылдык кенештин ишин айылдык кенештин жооптуу катчысы камсыз кылат.
5.4. Айылдык кенештин депутаттары айылдык кенештин ишин жүргүзүү маселелерин кароо жана даярдоо боюнча туруктуу комиссияларды түзүшөт. Ошондой эле убактылуу комиссияларды депутаттар түзө алат.
5.5. Айылдык кеңештин депутаттары 5 депутаттан кем эмес сандагы депутаттык топторго бириге алышат.
6. Айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары
6.1. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
6.2. Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө депутат (өзүн-өзү көрсөтүү же башка депутатты талапкер кылып көрсөтүү) же 5 депутаттан кем эмес сандагы депутаттар тобу укуктуу.
6.3 Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселелери айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
6.4. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин добушу менен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
6.5. Айылдык кеңештин төрагасы:
1) айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
2) жыйналыштарга төрагалык кылат;
3) айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
4) ишти уюштурат жана айылдык кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
5) комиссиянын ишин координациялайт;
6) айылдык кеңештин сессиясында ачык добуш берүү аркылуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлыгына талапкерлерди шайлоого сунуш кылат;
7) айылдык кеңештин төрагасынын жана жооптуу катчысынын милдеттерин бекитет;
8) отчеттук мезгилге бекитилген бюджетке ылайык айылдык кеңештин финансылык каражаттарын тескейт;
9) тиешелүү туруктуу комиссиянын чечими боюнча айылдык кеңештин Ардак грамотасы жана алкыш баракчасы менен сыйлайт;
10) айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
6.6. Айылдык кеңештин төрагасы бардык мамлекеттик бийлик органдарында, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда жана мекемелерде Новопавловка айылдык аймагынын атынан чыгат, айылдык кеңештин жооптуу катчысынын ишин жетектейт, меморандумдарды, макулдашууларды, келишимдерди түзүүгө укуктуу, ошондой эле тескемелерди чыгарат.
6.7. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылат.
6.8. Айылдык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары, акы төлөнүүчү башка иштер менен алектенүүгө укугу жок.
6.9. Айылдык кеңештин төрагасы коомдук башталышта эки адамдан ашпаган өлчөмдө кеңешчилерге, жардамчыларга ээ болууга укуктуу.
6.10. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен сессияда шайланат.
6.11. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынат.
6.12. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жок болгон же өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда аны алмаштырат.
6.13. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
6.14. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары ээлеген кызматынан айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
6.15. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгы үчүн айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
7. Айылдык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айылдык кеңештин ишин жүргүзүүгө байланышкан маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле айылдык кеңештин чечимдерин аткарууга катышуу, бул чечимдердин Новопавловка айылдык аймагында жайгашкан уюмдар, мекемелер тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт. Айылдык кеңеш убактылуу комиссияларды түзө алат.
Айылдык кенештин ишин жүргүзүгө байланышкан маселелер алардын тиешелүү комиссиялары тарабынан алдын ала каралмайынча айылдык кенештин сессиясында каралышы мумкун эмес.
7.2. Комиссиялардын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби депутаттык топтордун жана кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.
7.3. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына шайлана алышпайт.
7.4. Туруктуу комиссиялар өздөрүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзүшү мүмкүн.
7.5. Туруктуу комиссиянын жана айылдык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча туруктуу комиссиянын курамына айылдык кеңеш тарабынан өзгөртүүлөр киргизилет.
7.6. Туруктуу комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле анын милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган жагдайларга байланыштуу айылдык кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары жана милдеттери, ишин уюштуруунун тартиби айылдык кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен аныкталат.
7.8. Айылдык кеңеш зарыл болгон учурда өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле изилдөө үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссия түзүлгөн маселе боюнча дайыма башкы комиссия болуп саналат.
7.9. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, иш көлөмү жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аларды түзүүдө аныкталат.
7.10. Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу менен токтотулат.
7.11. Убактылуу комиссия өз ишин айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары үчүн белгиленген тартипте жүргүзөт.
8. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары:
1) айылдык кеңештин кароосуна киргизилген маселелерди даярдоого катышууга;
2) Новопавловка айылдык аймагынын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык базасын чыңдоо боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизүүгө;
3) айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) өз ишине окумуштууларды, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
5) айылдык кеңеш тарабынан белгиленген тартипте алардын иш-аракеттеринин натыйжалуулугун аныктоо максатында айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга мониторингди жана баа берүүнү туруктуу негизде жүзөгө ашырат.
8.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
8.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары Новопавловка айылдык аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдүү-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.
9. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
9.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча чакырылат.
9.2. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына бул комиссиялардын курамына кирбеген айылдык кеңештин депутаттары кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алышат.
9.3. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер айылдык кеңештин төрагасынын же туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн чечими менен биргелешип кароого даярдалышы мүмкүн.
9.4. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиянын жыйналышында өз мүчөлөрүнүн ичинен ачык добуш берүү менен төраганын орун басарын шайлашат.
Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары, эгерде ал туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болсо, шайланды деп эсептелет.
9.5. Туруктуу комиссияларды тиешелүү комиссиялардын төрагалары жетектейт. Туруктуу комиссиялар айылдык кенештин алдында жооптуу жана ага отчёт беришет.
Туруктуу комиссиялардын чечимдери айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
9.6. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ.
10. Айылдык кенештин мамлекеттик бийлик органдары менен болгон мамилелери
10.1. Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана мамлекеттик бийликтин функцияларын чектөө принцибинин негизинде түзүлөт.
10.2. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укугу жок.
10.3. Айылдык кеңеш мамлекеттик бийлик органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укугу жок.
10.4. Айылдык аймагынын кызыкчылыктарын козгогон маселелер боюнча айылдык кеңеш сессияга, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, кызматтардын, администрациялык ведомстволордун ж.б. өкүлдөрүн чакыра алат.
10.5. Айылдык кеңеш мамлекеттик жана башка органдар менен жергиликтүү коомчулукка ар кандай кызматтарды натыйжалуу көрсөтүү үчүн кызматташа алат.
10.5. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык аймагын өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча айылдык кеңеш менен дайыма консультацияларды жана талкууларды өткөрүп турушат.
11. Айылдык кеңештин Новопавловка айыл өкмөтү менен болгон мамилеси
11.1. Айылдык кеңештин Новопавловка айыл өкмөтү менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектерде функцияларды жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү принцибинин негизинде түзүлөт, ага ылайык айылдык кеңешке жана Новопавловка айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен алардын компетенциясына кирген бардык маселелерди чечүүдө көз карандысыздыкка кепилдик берилет.
11.2. Айылдык кеңеш жана Новопавловка айыл өкмөтү бири-бирине өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин (менчигинин түрүнө карабастан), чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишине, эрежелерине жана айылдык аймагынын калкынын турмуш-тиричилигин камсыздоого тиешелүү башка маанилүү маселелерге карата кайрылууларды жөнөтүшөт.
11.3. Айылдык кеңеш Новопавловка айыл өкмөтү менен бирдикте айылдык аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн ар кандай комиссияларды жана коомдук түзүмдөрдүн башка формаларын уюштура алат.
11.4. Айылдык кеңеш менен Новопавловка айыл өкмөтүнүн ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда талаш маселелерди чечүү үчүн макулдашуу комиссиялары түзүлүшү мүмкүн.
12. Айылдык кенештин ишин финансылык жактан камсыз кылуу
12.1. Айылдык кенештин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
12.2. Айылдык кеңештин атынан биринчи кол коюу укугу менен бюджеттик каражаттарды тескөөчү болуп айылдык кеңештин төрагасы саналат.
12.3. Айылдык кеңешти жоюуда жана кайра түзүүдө анын милдеттенмелерин жабуу үчүн алып салган акча каражаттары, мүлкттөрдөн турган төлөмдөрдөн тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган максаттарга жумшалат.
12.4. Новопавловка айылдык кеңеши салыктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөйт.
12.5. Новопавловка айылдык кеңеши финансы-чарбалык ишин өз алдынча жүргүзүүгө, өз алдынча баланска, банк мекемелеринде эсептешүү жана башка эсептерге ээ болууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө отчетторду берүүгө укуктуу.
13.Айылдык кеңештин Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана ишин токтотуунун тартиби
13.1. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча туруктуу комиссиялар, айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн бир бөлүгү же жалпы санынын көпчүлүк добушу менен киргизилген сунуштар айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана ал тарабынан артыкчылыктуу маселе катары каралат.
13.2. Устав боюнча түшүндүрмө берүү жана анын сакталышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт.
13.3. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда токтотулат.
13.4. Айылдык кеңештин ишинин жүрүшүндө түзүлгөн бардык финансылык жана башка документтер, кеңештин ыйгарым укуктары токтотулган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Жооптуу катчы |
| К. Чыныбеков |