Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-декабры №19/132
Новопавловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Новопавловка айылдык кеңешинин регламент, этика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы жана «Новопавловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча комиссиясынын төрайымы Л. М. Сыргабаева тарабынан комиссиянын атынан чыгарылган сунушун угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык аймагында сиңирген көп жылдык жемиштүү эмгегин, айылдык аймагын өнүктүрүүгө жана анын калкынын бакыбаттуулугун камсыз кылууга кошкон олуттуу салымдарын жана калк арасындагы кеңири абройун белгилеп, “Новопавловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу жөнүнө” Жобонун негизинде, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Новопавловка айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү инсандарга ыйгарылсын:
1. Тогузбаева Алиман Тогузбаевнага;
2. Турдугулов Аманкулга;
3. Ашитова Кеңеш Ашитовнага.
2. Новопавловка айыл өкмөтү ардактуу наам ыйгарылган жарандардын төш белгилерин, күбөлүктөрүн даярдасын жана салтанаттуу тапшыруу аземин уюштурсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин регламент, этика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Л. М. Сыргабаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абышев |