Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 6-марты № 104
Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү жөнүндө
Мамлекеттин социалдык саясатын андан ары бекемдөө максатында, балдар Кыргыз Республикасынын келечегинин негизи болуп саналарына, ал эми балдардын жакырчылыгы менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экендигине негизденип, Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу траекториясына чыккандыгын жана адамдык капиталга, өзгөчө адамдын жашоосунун алгачкы этаптарында инвестицияларды көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин көңүлгө алып, мамлекеттик социалдык кепилдиктер системасын жана балалуу үй-бүлөлөрдү колдоону этабы менен кеңейтүүнүн, жарандардын жашоо деңгээлин жана бакубаттуулугун жогорулатуунун алкагында, ошондой эле даректүүлүктүн ашыкча катаал механизмдеринен үч жашка чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү үчүн татыктуу шарттарды камсыз кылууга багытталган социалдык жардамдын кыйла инклюзивдүү формаларына өтүүнү караган социалдык колдоо чаралары менен камтууну жөнөкөйлөтүү жана кеңейтүү зарылдыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасында балдарга туулган күнүнөн тартып жана алар үч жашка чыкканга чейин ай сайын мамлекеттик жөлөкпул төлөө киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айдын ичинде:
1) Кыргыз Республикасында балдарга туулган күнүнөн тартып жана алар үч жашка чыкканга чейин ар бир балага 1200 сом өлчөмүндө ай сайын мамлекеттик жөлөкпул төлөөнү белгилесин;
2) балдарды аныктоонун критерийлерин жана Кыргыз Республикасында балдарга туулган күнүнөн тартып жана алар үч жашка чыкканга чейин ай сайын мамлекеттик жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитсин;
3) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |