Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

16-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Авиациялык издөө-куткаруу кызматы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1. Жалпы жобо

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Авиациялык издөө-куткаруу кызматы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана), мамлекеттик ишкана уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугуна негизделген өзүнчө юридикалык жак болуп саналат.

2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, белгиленген мыйзамдарды же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органынын актыларын жана бул Уставды жетекчиликке алат.

3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.

4. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд болуп саналат.

5. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эсептелет.

6. Ишкананын толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Авиациялык издөө-куткаруу кызматы" мамлекеттик ишканасы";

- расмий тилде: "Государственное предприятие "Авиационная поисково-спасательная служба" при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики";

- англис тилинде: "State enterprise "Aviation search and rescue service" under the Ministry of emergency situation of the Kyrgyz Republic".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "АИКК МИ";

- расмий тилде: "ГП АПСС";

- англис тилинде: "SE ASRS".

7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.

8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.

9. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибуттары бар.

10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

11. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары белгиленген тартипте бекитилген жобонун негизинде иштейт.

Ишкана өз өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик алат.

12. Юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1

2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары

14. Ишкананын максаттары:

1) улуттук коопсуздукту, коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, укуктук тартипти сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, дипломатиялык кызмат органдарынын иши менен байланышкан стратегиялык маанилүү товарларды өндүрүүдө, жумуштарды аткарууда же кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттин, юридикалык жана физикалык жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;

2) мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүүгө, жумуштарды аткарууга же кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик тапшырыктарды Ишкана тарабынан түздөн-түз аткаруу;

3) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;

4) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу органына авиациялык колдоо көрсөтүү;

5) Жарандык авиация чөйрөсүндө авиациялык кызматтарды көрсөтүү жана башка чарба ишин жүргүзүү.

15. Ишкананын милдеттери:

1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруу органынын тапшырмасы боюнча авиациялык иштерди аткаруу;

3) литердик учууларды аткаруу;

4) издөө, авариялык-куткаруу иштерин, санитардык жана жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүүдө авиациялык жардам көрсөтүү;

5) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндө авиациялык жардамды уюштуруу;

6) күзөт жана издөө-куткаруу иштерин уюштуруу; кырсык болгон жерден жабыркагандарды издөө, табуу жана эвакуациялоо; өзгөчө кырдаал зоналарында жер үстүндөгү издөө-куткаруу күчтөрүнө изделип жаткан объектти көрсөтүү; куткаруу топторун парашют, парашютсуз (түшүрүү шаймандарынын жардамы менен) жана отургузуу ыкмасы менен түшүрүү;

7) атайын иштин түрлөрүн аткаруу: абадан өрттү өчүрүү жана өрт чыккан жерге өрт өчүрүү күчтөрүн жана каражаттарды жеткирүү; аэрофото тартуу жана жергиликтүү аймакка мониторинг жүргүзүү; аба, инженердик, радиациялык, химиялык, экологиялык, метеорологиялык жана өрт чалгындоолорун жүргүзүү; объекттерди химиялык, биологиялык жана атайын каражаттар менен тазалоо; шилендилерден жана кыйроолордон тазалоо учурунда монтаждык-демонтаждык (кран менен) иштерди жүргүзүү; башка атайын иштерди аткаруу;

8) аба ташууларын уюштуруу жана аткаруу: өзгөчө кырдаал зоналарына куткаруучуларды, адистерди, эксперттерди, дарыгерлерди, техниканы, жабдууларды, ири көлөмдүү жана атайын жүктөрдү, гуманитардык жардамды ыкчам жеткирүү; жабыркагандарды, качкындарды, уникалдуу жабдыктарды жана баалуулуктарды өзгөчө кырдаал зонасынан эвакуациялоо; БУУ жана ЖКЭУ, башка эл аралык уюмдар линиясы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча учууларды аткаруу; ар түрдүү ведомстволордун жана уюмдардын өтүнүчтөрү боюнча жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууларды коммерциялык негизде аткаруу, аба кемелерин жана пилотсуз учуучу аппараттарды коопсуз пайдалануу;

9) чарба жүргүзүү укугуна берилген жана башка мүлктү талаптагыдай күтүү үчүн чараларды аткаруу;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ишти жүргүзүү.

16. Ишкананын функциялары:

1) аба ташууларын регламенттөөчү документтердин талаптарына ылайык өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү боюнча транспорттук жана башка түрдөгү учууларды уюштуруу жана жүргүзүү;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруучу органдын тапшырмасы боюнча издөө, авариялык-куткаруу иштерин жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу боюнча аба ташууларын уюштуруу жана аткаруу;

3) санитардык жана жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүүдө учууларды аткаруу;

4) өзгөчө кырдаал зоналарында биринчи кезектеги издөө-куткаруу, авариялык-куткаруу, алдын алуу жана башка кечиктирилгис иштерди уюштуруу жана аткаруу, анын ичинде: өзгөчө кырдаал зоналарында чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн пилотсуз аппараттарды колдонуу; куткаруунун аэромобилдик технологияларын, ошондой эле аба десант ыкмаларын колдонуу менен иштерди аткаруу;

5) калкка медициналык жардам көрсөтүү жана санитардык иш-чараларды жүргүзүү;

6) медициналык тик учак модулдарын колдонуу менен өзгөчө кырдаалдан жабыркагандарды эвакуациялоо;

7) өзгөчө кырдаал зоналарына гуманитардык жүктү жеткирүү;

8) өрттү алдын алуу жана өчүрүү;

9) аэротартуу, картографиялык-геодезиялык жана авиациялык-химиялык иштерди жүргүзүү;

10) куткаруучуларды жана башка адистерди, анын ичинде куткаруу жабдыктарын жана шаймандарын, транспорт каражаттарын, байланыш каражаттарын жана жашоо-тиричилик үчүн зарыл каражаттарды өзгөчө кырдаалга жана алардын кесепеттерин жоюуга ыкчам чара көрүүгө дайым даярдыкта кармап туруу;

11) учуу коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын жана эл аралык жарандык авиация уюмдарынын ченемдик укуктук актыларына ылайык учуу иштерин уюштуруу жана ишке ашыруу;

12) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен учуулардын коопсуздугун сактоо шартында алардын аба ташууларына болгон керектөөлөрүн эске алып, түзүлгөн келишимдин негизинде аба кемелерин эксплуатациялоо;

13) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы талаптарга ылайык учууга даярдык көрүү, квалификацияларын жогорулатуу, машыгууларды өткөрүү, учуу жана техникалык персоналды текшерүү;

14) учуулардын коопсуздугун камсыздоо максатында учуу ишин уюштуруу, аба кемелерин техникалык тейлөө, авиациялык техниканы учууга пайдалануу, учууларды аткарууну регламенттөөчү документтерди иликтөө боюнча командалык, учуучу жана инженердик-техникалык персонал менен иш-чараларды өткөрүү;

15) аба кемелеринин жаңы типтерин жана пилотсуз учуучу аппараттарды өздөштүрүү жана ишке киргизүү боюнча иштерди аткаруу;

16) авиациялык кырсыктардын саны, бул кырсыктардын себеби жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу, учуу ишин уюштурууну жакшыртуу жана учуулардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

17) учуу-конуу тилкелерин жана учуу аянттарын иштетүү, оңдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелеринде жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенүү;

18) Ишкананын авиациялык техникасын калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн инвестициялык каражаттарды белгиленген тартипте табуу жана тартуу иштерин аткаруу;

19) түзүлгөн келишимдердин негизинде башка авиакомпаниялардын, анын ичинде чет өлкөлүк авиакомпаниялардын рейстерине авиабилеттерди сатуу боюнча агент катары чыгуу;

20) өзүнүн компетенциясынын чегинде калкты жана айлана-чөйрөнү өзгөчө кырдаалдан коргоого багытталган схемаларды даярдоого катышуу;

21) жарандык авиация жаатындагы ченемдик документтерге, иштеп чыгуучу көрсөткөн регламенттерге жана технологияларга ылайык аба кемелерин учууга жарактуу абалда кармоо;

22) өнөр жайдын бюллетендери жана техникалык тапшырмалар боюнча авиациялык техниканы толуктап иштеп чыгат.

3. Ишкананын укуктары жана милдеттери

17. Ишкана ушул Устав менен аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;

2) рынок конъюнктурасына жараша коммерциялык уюмдар үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;

3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;

4) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;

5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерин аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;

6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;

7) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, бантка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке жактарды Ишканага тартууга;

8) Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинен чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;

9) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;

10) Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчик ээсинин макулдугу менен ага оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;

12) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга;

13) менчик ээси менен макулдашуу боюнча чарба жүргүзүү укугунда ага берилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү белгиленген тартипте ижарага берүүгө;

14) түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тараптардын макулдугу боюнча акы төлөө менен консультация алуу, ошондой эле башка милдеттерди аткаруу жана чечүү үчүн адистерди тартууга.

18. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн максатына жетүү жана милдеттерин, функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Ишкана жумуштарын аткарып жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;

2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;

3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;

4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;

5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салыктык мыйзамдары, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;

6) оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.

19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына таасирин тийгизген маалыматтарды сыр сактоого милдеттүү.

4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы

20. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды, Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды даярдоо;

2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;

3) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;

4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;

5) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;

6) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;

8) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтердин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башкаруу органдарынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.

21. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;

2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;

3) өз компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;

4) аткаруу органынын отчетторун угууга;

5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.

Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга ээ.

22. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;

2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана жылдырууну камсыз кылууга;

3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;

4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.

Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставына каралган башка милдеттерди аткарат.

5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

23. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;

2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;

3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;

4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;

5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;

6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;

7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;

10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;

11) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;

12) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана анын сакталышын контролдоо.

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясына таандык башка маселелерди чечүү.

24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;

2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызмат ордунан бошотууга, аларга карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;

4) Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;

5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;

6) Ишканага таандык мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын, багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге текшерүү жүргүзүүгө жана Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө.

6. Ишкананы башкаруу

25. Ишкананы Ишкананын директору башкарат.

26. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор мамлекеттик башкаруу органынын жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Ошондой эле Ишкананын директору Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.

27. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.

Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

28. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

1) иши канааттандырарлык эмес деп бааланган учурда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;

2) ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;

3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;

4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер;

5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.

29. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Ишкананын күндөлүк финансы-чарбалык ишин башкаруу;

2) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;

3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;

4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;

5) тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;

6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;

7) эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;

8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;

9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;

10) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнү уюштуруу;

11) Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.

30. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;

2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Ишкананын ушул Уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө,

4) Ишкананын алдында турган максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка укуктарга.

31. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын кайсы болбосун иш чөйрөсү менен байланышкан зарыл болгон бардык маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;

3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;

4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;

5) Ишкананын коммерциялык же башка мыйзам менен корголгон сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;

6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.

Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.

32. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.

33. Ишкананын директору:

1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын билдирет;

2) Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;

3) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;

4) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;

5) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;

7) финансылык (бухгалтердик) отчеттордун абалы, Ишкананын финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

71) коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

34. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

35. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

36. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.

37. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин аткаруу бош кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы адам дайындалганга чейин директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.

38. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик башкаруу органынын биринчи жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн белгиленген укуктарды пайдаланат.

39. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка укуктарга ээ.

40. Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору бекитет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.

41. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү жарандар менен мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.

7. Ишкананын жетектөөчү курамы

42. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар киришет:

- директор, директордун орун басарлары;

- башкы бухгалтер.

43. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөгө тийиш.

Жетектөөчү курамга кирген адамдар Ишкананын мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.

44. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:

1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;

3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси ээлеген кызмат ордунан бошотулган адамдар;

4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;

5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.

Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.

8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук

45. Ишкана өз ишин жылдык иш планынын негизинде же мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган 3 жылга жана андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.

46. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.

47. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, чарбалык өз ара мамилелердин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.

48. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.

49. Ишкана ар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ике чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:

- ички аудиторго (эгер болсо, ички аудит кызматына);

- мамлекеттик башкаруу органына;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.

50. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.

Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.

51. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) Ишкананын ишинин максаттары жана негизги багыттары;

2) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тармагы жана рыногу, мүнөздөмөсү;

3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздеме;

4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;

5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;

6) уюштуруу планы;

7) финансылык план;

8) тобокелдиктерди талдоо.

52. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга карата бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетун, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.

53. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.

54. Кыргыз Республикасынын маалыматтарга жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, маалыматты толук бербегендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетторду бурмалагандыгы үчүн директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.

55. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте текшерилет.

9. Ишкананын мүлкү жана финансылары

56. Ишкана мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитип берилген мүлккө менчик укугу берилген эмес. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен мамлекеттин менчиги болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарбалык жүргүзүү укугу мүлктү пайдалануунун негизи болуп саналат.

57. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.

58. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;

2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинен киреше, түшүм продукция;

3) чарбалык иштин натыйжасында алынган киреше;

4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;

5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.

59. Ишкана тарабынан өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын жүзөгө ашырат.

60. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

61. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.

62. Мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган, ошондой эле жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине которулат, таза пайданын бөлүгүнүн ал бекиткен өлчөмү, бирок 50 пайыздан кем эмеси отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулат.

10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу

63. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

64. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.

65. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде турган ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт (акционерлештирүү).

Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.

66. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:

1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;

2) соттун чечиминин негизинде.

67. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасынан жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.

Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.

Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугунда негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.

68. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.