Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 18/131
Новопавловка айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына жаңы шайланган депутаттарды киргизүү жөнүндө
Новопавловка айылдык кеңешинин Регламент, этика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Л. Сыргабаева айылдык кеңештин чыгып калган депутаттарынын ордуна келген депутаттарды өздөрүнүн макулдугу менен туруктуу комиссиялардын мүчөлүгүнө киргизүү боюнча сунуштарын билдирди. Сунушту угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөндөгү депутаттар киргизилсин:
1) Бюджет, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясы - Омуров Орозбек Омурович;
2) Жер иштери боюнча туруктуу комиссиясы - Алыбаев Нурланбек Осмонбекович;
3) Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясы - Тинеев Канат Райханович, Алыбаев Самат Нурланбекович.
2. Токтомдун аткарылышына жана туруктуу комиссиялардын ишине көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Садыралиевага жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абышев |