Редакцияот 23.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2026-жылдын 23-февралы № 01-15/4

  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу” № 502 токтомун айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу жөнүндө”

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу” № 502 токтомун айыл өкмөтүнүн  аймагында аткаруу жөнүндө., Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык,  жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Алтын-Бешик  айылдык  кеңеши токтом кылат:

  1. “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз      Республикасынын    Мыйзамына ылайык Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн  аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайлары акысыз берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милдеттендирилсин.
  3. Бул токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
  4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын юстиция  Министрлигинин  Баткен облустук  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

5.     Ушул токтом тиркемелери менен  бирге Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук     актыларынын  Мамлекеттик     реестрине киргизилген күндөн тартып,күчүнө кирет.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин       социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына      жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым

А. Матраимова