АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2026-жылдын 23-февралы № 01-15/6
Алтын-Бешик айыл аймагында 2026-жылга жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу жана жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төөлөнүн өлчөмүн белгилөө.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык , “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39- беренелерин жетекчилике алып ,ошондой эле жайыт комитетин башчысы Б.Закировтун баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат
- 2026-жылга Алтын-Бешик айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жайыт пайдаланучулар үчүн 2026-жылга төмөнкүдөй болуп, жайыт акы бекитилсин.
- Бодо малдар үчүн 120 (бир жүз жыйырма )сом, жылкылар үчүн 500( беш жүз) сом, кой эчкилер үчүн 24 (жыйырма төрт) сом.
- Ушул токтомдун аткарылышын Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милдеттендирилсин.
- Бул токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3 Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып,күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | А. Матраимова |