Редакцияот 23.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2026-жылдын 23-февралы № 01-15/7

  Ардактуу атуул наамын ыйгаруу  жөнүндө.

Алтын-Бешик   айылдык Кеңешинин   “Ардактуу  атуул “наамына   көрсөтүү жөнүндөгү  жобосуна  ылайык жана  Алтын-Бешик   айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын баяндамасын угуп жана талкуулап,  Алтын-Бешик айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XVII сессиясы токтом кылат.

1. Алтын-Бешик  айыл аймагынын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө  кошкон зор салымы  үчүн, төмөнкү  атуулдар Алтын-Бешик айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамына көрсөтүүгө макулдук берилсин.

Айылдык кеңештин депутаты Муратов Бактыбек  Нишанович.

Жеке ишкер Абдимомунов Самарбек Алишерович.

2 Ардактуу  атуулу төш  белгиси  жана лентасын даярдоо үчүн, кеткен  чыгымдар  жергиликтүү  бюджеттин  эсебинин  жүргүзүлсүн.

3 Токтомду аткарууга алуу жагы  өкмөт башчы А.Эргешовко   милдеттендирилсин.

4 Бул токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

5 Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана ченемдик укуктук  актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын юстиция  Министрлигинин  Баткен облустук  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

6 Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын  Мамлекеттик     реестрине киргизилген күндөн тартып,күчүнө кирет.

 

 

Төрайым

А. Матраимова