Редакцияот 23.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2026-жылдын 23-февралы № 01-15/8

 Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн алдындагы Таян тазалык муниципалдык ишканасынын  техникасы (экскаваторун ) юридикалык жана жеке жактарга көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитүү жөнүндө. 

Мүлккө  муниципалдык менчик жөнүндө  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 19-беренесине ылайык , Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 34, беренесини жетекчилике алып,жана муниципалдык  ишканасынын башчысы Б.Закировтун  баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып,   Алтын-Бешик айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XVII сессиясы токтом кылат.                                 

  1. Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн алдындагы Таян тазалык муниципалдык ишканасынын  техникасы  (экскаватору ) юридикалык жана жеке жактарга көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга баалары жана тарифтер төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

 юридикалык жактарга 1 мото саатына 4500(төрт миң беш жүз) сом өлчөмүндө.

  Жеке жактарга  1 мото саатына 3600 ( үч миң беш жүз ) сом өлчөмүндө.

Айыл өкмөтүнүн жумуштары үчүн  3600 ( үч миң беш жүз ) сом өлчөмүндө   кызмат акы эсептелинсин.

2     Ушул токтомдун аткарылышын Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко    милдеттендирилсин.

3     Бул токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

4     Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана ченемдик укуктук  актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын юстиция  Министрлигинин  Баткен облустук  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

5     Ушул токтом  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын  Мамлекеттик     реестрине киргизилген күндөн тартып,күчүнө кирет.

6     Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин  бюджет жана экономика маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына       жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым

А. Матраимова