Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 18/130
2022-жылдын бюджетин тактоо жөнүндө
Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Мурзакматовдун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кирешелер планынын такталгандыгына байланыштуу баяндаган маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышына байланыштуу киреше салыгы боюнча план 8692,2 (сегиз миллион алты жүз токсон эки) миң эки жүз сомго көбөйтүлсүн жана ошого жараша бюджеттин чыгаша бөлүгү көбөйтүлсүн.
Салыктын төмөнкү түрлөрү боюнча кирешелер бөлүгү көбөйтүлсүн:
| Салыктын түрлөрү | 4 квартал |
11111100 | Салык кармоочу агент тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы | +8692,2 |
Бөлүм 70811 “Спорттук комплекс”
Көбөйтүлсүн
беренеси “Имараттар жана курулуштар” – 8692,2 миң сом.
Бардыгы: 8 692,2 (сегиз миллион алты жүз токсон эки) миң эки жүз сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзомөлгө алуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. С. Мурзакматовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абышев |