СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2026-жылдын 26-февралы № 131
Суу-Башы айыл аймагындагы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин, аймакты социалдык экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Суу-Башы айыл аймагындагы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин, аймакты социалдык экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчысынын отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
- Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш чараларын ишке ашырууга, кошумча инвестицияларды жана гранттарды тартуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |