СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2026-жылдын 26-февралы № 132
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин такталган планын жана 2027-2028-жылдар үчүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 2-пунктчасына жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы отурумунун корутундусуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 48978,8 миң сом жана 2027-жылга божомолу 51498,7 миң сомго, 2028-жылга божомолу 54254,7 миң сомго бекитилсин.
- Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык, анын ичинен теңдөөчү грант 29158,0 мин сом жана өздүк киреше 19820,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыгынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: жалпы 48 978,8 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин(беренелер боюнча тиркелет).
- 2026-жылга айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1047,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- 2026-жылга Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фонду №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2027-2028 жылдарга божомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2027-жыл үчүн кирешесинин өлчөмү теңдөөчү гранттан 29158,0 миң сом, өздүк кирешеси 22340,7 миң сом, 2028-жыл үчүн кирешесинин өлчөмү теңдөөчү гранттан 29158,0 миң сом, өздүк кирешеси 25096,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- 2026-жылга Суу-Башы айыл аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 1000,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |