Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 24-ноябры № 68/10-9
Талас шаарын өнүктүрүү боюнча 2024-2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын негизинде, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 200,0 млн (эк жүз миллион) сом максаттуу трансферт акча каражатын Талас шаарынын мэриясынын турак жай, коммуналдык чарба бөлүмүнө бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 08.08.2025-жылдагы №678 сандуу тескемесинин жана Талас шаарынын мэриясынын 07.11.2025-жылдагы №01-19/4372 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарын өнүктүрүү боюнча 2024-2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын негизинде, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 200, 0 млн (эк жүз миллион) сом максаттуу трансферт акча каражаты Талас шаарынын мэриясынын турак жай, коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине бөлүнүп бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |