Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 24-ноябры № 69/10-9
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 9 айында кирешелердин чыгашалардан ашкан бөлүгүн, мекеме ишканалардын сметаларынан мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн жана пайдаланылбаган акча каражаттарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 31.10.2025-жылдагы №01-19/4241чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы жана жыл ичинде күтүүдөгү кирешелердин планы 8342,3 мин сомго көбөйтүлсүн. Анын ичинен салык агенти төлөөчү киреше салыгы 9427,3 миң сомго көбөйсүн, патенттин негизинде салык 1000,0 миң сомго азайсын, турак жайга же жайга мүлк салыгы 262,0 миң сомго азайсын, турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы 262,0 миң сомго көбөйсүн, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы 2000,0 миң сомго көбөйсүн, калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы 2085,0 миң сомго азайтылсын.
Ал эми атайын каражат боюнча кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы планынан 12819,0 миң сом азайтылсын.
2. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен мекеме, ишканалардын сметаларынан мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн 2 156, 5 миң сом жана пайдаланылбаган 23 697,8 миң сом акча каражаттарытөмөнкү бюджеттик мекеме ишканалардын беренелеринен азайтылсын:
- Талас шаардык мэриясынын 2214 беренесинен -25,1 миң сом, 2215 беренесинен 10,3 миң сом, 2221 беренесинен 0,5 миң сом, 2221 беренесинен 71,3 миң сом, бардыгы 107,2 мин сом, Талас шаардык кенешинин 2214 беренесинен 2,3 миң сом, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн 2214 беренесинен 6,6 миң сом, 2215 беренесинен 59,1 миң сом, 2221 беренесинен 6.6 миң сом, 2222 беренесинен 46,2 миң сом 3112 беренесинен 4,0 миң сом бардыгы 122, 5 миң сом, Талас шаардык күрөш боюнча жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин 2224 беренесинен 2,1 миң сом, “Баластан” балдарга билим берүү борборунун 2221 беренесинен 0,5 мин сом, 2222 беренесинен 2,8 миң сом, бардыгы 3,3 миң сом.
- Талас шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2511 субсидия беренесинен 1919,1 миң сом акча каражаты төмөндөгү муниципалдык ишканалардан азайтылсын:
- “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасы –107,6 миң сом, Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы- 1493,0 миң сом, Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык ишканасынан - 318,5 миң сом.
Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин пайдаланылбаган акча каражаттары- Талас шаардык мэриясынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2215 беренесинен 212,0 миң сом, Талас шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2511 субсидия беренесинен 23 485,8 миң сом, анын ичинен коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы-2100, 0 миң сом, Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык ишканасы - 21 385,8 миң сом азайтылсын.
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы жана жыл ичинде күтүүдөгү кирешелердин планы 8342,3 мин сом, жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен мекеме, ишканалардын сметаларынан мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн 2 156,5 миң сом жана пайдаланылбаган 23 697,8 миң сом акча каражаттары жалпы34196,6 сом акча каражатытөмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп каржылансын:
- Талас шаарынын резервдик фондуна кошумча 2824 беренесине 700,0 миң сом, борбордук аянтка жарыктандыруу жабдыктарын орнотуу боюнча сметасын түзүү жана техникалык көзөмөлдөө үчүн 2215 беренесине 225,0 миң сом, 2026-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржыланган долбоорлордун сметасын түзүү жана инжиниринг (СИУ) кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 2215 беренесине 220,0 миң сом, айыл чарба тармагын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн 2215 беренесине 38,0 миң сом, А. Оторбаев көчөсүн асфальттоо иштерин көз карандысыз экспертизага өткөрүү үчүн 2215 беренесине 180,0 миң сом, “Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамы жана “Эмгек үзүрү”, “Жылдын мыктысы” номинацияларын жасатуу үчүн 2215 беренесине 93,0 миң сом, “Кербен палас” мейманканасын бала бакчага ылайыктап ондоп-түзөө үчүн, сметасын түзүү жана техникалык көзөмөлдөөгө 2215 беренесине 60,0 миң сом, Талас шаарынын борбордук аянтындагы Мбанктын алдындагы сейил багын ондоп-түзөө иштерин техникалык көзөмөлдөө үчүн 2215 беренесине 30,0 миң сом, Талас шаарынын мэриясынын жалпы майрамдык иш чаралары үчүн 2215 беренесине 400,0 миң сом, кызматтык автоунаалардын тетиктерине жана күйүүчү, майлоочу майлар үчүн 2214 беренесине 212,0 миң сом жана 3 компьютер, түстүү принтер сатып алуу үчүн 3112 беренесине 177,3 миң сом, жалпы 2 335,3 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын бала бакчаларына видео байкоо системаларын орнотуу үчүн 500,0 миң сом, Талас шаарындагы №1 орто мектебинин, №6 жана №3 бала бакчаларынын тосмолорун орнотууга сметаларын түзүү үчүн 5,0 миң сом, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө видео байкоо системасын орнотуу боюнча карызы үчүн 100,0 миң сом, борбордук паркка аттракциондорду орнотуу иштери үчүн 3 329, 5 сом, ажааткана куруу үчүн 141,7 миң сом, мамлекеттик акт жана техникалык паспорттор үчүн 500,0 миң сом, мамлекеттик экспертизалар үчүн 1 200,0 мин сом, кеңсе буюмдарын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн 40,0 миң сом, Архитектура кызматтары үчүн 1 500,0 миң сом, жаңы стадиондун долбоордук сметалык-документтерин даярдоо үчүн 240,4 миң сом, дренаждын долбоордук сметалык документтерин иштеп чыгуу үчүн 2 400,0 миң сом, техникалык көзөмөл жана эсептөө кызматтары үчүн 2 155, 8 миң сом, күзөт кызматы үчүн келишимдердин негизинде 1 217,4 миң сом, Кыргызтелеком ААКсына видео байкоо үчүн 25,6 миң сом, курулуш монтаждоо жумуштарынын карызы үчүн 82,8 миң сом, жаны суу топтоочу жай боюнча кошумча келишим түзүү үчүн 80,0 миң сом, УМСке кресло сатып алуу үчүн 2,9 миң сом, Талас шаарындагы И.Сарыгулова көчөсүнө таза суу киргизүү үчүн 736, 0 миң сом, Талас шаарындагы А.Огонбаев көчөсүнө Ч.Сатаевдан баштап Луговая көчөсүнө чейин саркынды суу түйүнүнө кошуу үчүн 2 600,0 миң сом. Талас шаарында Россия федерациясы тарабынан курула турган мектептин жер аянттарын жана Талас шаарынын көчөлөрүн түнкү жарыктандырууларды орнотуу долбоорун даярдоо боюнча топосьемка иштери үчүн 2000, 0 миң сом, бала бакчага ылайыкталып жасалып жаткан имараттын (Кербен Палас мейманканасы) жылытуу тутумун жана электр чубалгылары үчүн 2000,0 миң сом, Талас шаардык спорт мектебине (Газпром) тренажерлорду сатып алууга 1000,0 миң сом, турникет сатып алуу үчүн 300,0 миң сом, Талас шаарынын Янгичек көчөсүнө видео камера орнотуу үчүн 15,0 миң сом, Талас шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө өрт коопсуздугунан сактоо үчүн батут, ангара жана СРКУ-50 универсалдуу өрт өчүрүү сатып алууга 610,0 миң сом жалпы 22782,1 сом сом Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык ишканасына Талас шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2511 субсидия беренеси аркылуу каржылансын.
- “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын жетпеген айлык акысы үчүн 2100.0 мн сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2511 субсидия беренеси аркылуу каржылансын.
- Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына кошумча күйүүчү, майлоочу майлар жана тетиктер үчүн 2100,0 миң сом, Талас шаарындагы көп кабаттуу №63 үйдүн короосуна кум-шагыл төшөп тегиздөө үчүн 150,0 миң сом, Талас шаарынын кварталдык комитеттерине тейлөө кызматтары үчүн 100,0 миң сом, Талас шаарынын Ж.Турсалиев-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштандыларды чыгаруу үчүн 50,0 миң сом, Талас шаарынын көчөлөрүнө кум, шагыл төгүп тегиздөө үчүн 501,0 сом, №6 орто мектебинин курчоо жумуштары үчүн 100,0 миң сом, Талас шаарындагы Б.Абилдаев атындагы бала бакчасынын балдар аянтчасына жабдууларды сатып алуу үчүн 400,0 миң сом, жалпы 3401,0 миң сом акча каражаты Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына Талас шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2511 субсидия беренеси аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын спорт мектебине (Газпром) электр энергиясы үчүн 2231 беренесине 460,0 миң сом, видео байкоо системасын орнотуу үчүн 2222 беренесине 60,0 миң сом акча каражаты жалпы 520,0 миң сом Талас шаарынын спорт мектеби аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык футбол боюнча жаш-өспүрүмдөр спорт мектебинин 2222 беренесине 250,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык футбол боюнча жаш-өспүрүмдөр спорт мектеби аркылуу каржылансын.
- Футбол боюнча “Семетей” клубуна взнос төлөмү үчүн 2215 беренесине 100,0 миң сом Семетей клубу аркылуу каржылансын.
- Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө бала бакчалардын имараттарын камсыздандыруу үчүн 300,0 миң сом, мугалимдердин спартакиада оюндары үчүн 200,0 миң сом жана мектептерге “айгай баскычын” орнотуу үчүн 650,7 миң сом, 2215 беренесине, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 2231 беренесине 1477,5 миң сом жалпы 2628,2 миң сом акча каражаты Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык бириккен аскер комиссариатына коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн 2231 беренесине 80,0 мин сом Талас шаардык бириккен аскер комиссариаты аркылуу каржылансын.
4. Атайын каражаттын эсебинен кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы планынан 12819,0 миң сом азайган каражаттар Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын 12163,8 миң сом жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык ишканасынан 655,2 миң сом атайын каражаттар боюнча пайдаланылбай калган беренелеринен азайтылсын.
5. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалиев М.Ж.) жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизип, өз убагында каржылоо милдеттендирилсин.
6. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |