Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 18/128
Көчөлөрдүн атын коюу жөнүндө
Новопавловка айылынын “Ак-Ордо” конушунун №540–контурунун жашоочуларынын чогулушунда аты жок көчөлөргө аттарды ыйгарышып, протоколун жана кол коюлган баракчаларын Новопавловка айылдык кеңешинин кароосуна жөнөтүшкөн.
Бул маселе боюнча айылдык кеңештин депутаты Т. Койбаковдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылынын “Ак-Ордо” конушунун аты жок көчөлөрүнө төмөндөгүдөй аттар ыйгарылсын:
1) Соң-Көл 10) Сейтек
2) Кырк-Чоро 11) И. Раззаков
3) Кетмен-Төбө 12) Орто-Токой
4) Сары-Өзөн 13) Таш-Рабат
5) Ормон Хан 14) Абдишов Авазган
6) Ынтымак 15) Бейшембиев Төрөбек
7) Достук 16) Балбай баатыр
8) Манас 17) Бакай-Ата
9) Семетей 18) Досалиев Султан
2. Новопавловка айыл өкмөтүнө токтомду аткаруу тапшырылсын.
Төрага: | А. Абышев |