Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 2- отурумунун
2025-жылдын 29-январы № 2/13
Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттин бекитүү боюнча
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары 2025-жылдын бюджетинин сметасынын бекитилүүсү жөнүндө СЭБ башчысы Г.Султанованын маалыматын угуп жана талкуулап Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 38482,8 мин сом, анын ичинен теңдөөчү грантты 3286,6 миң сом, эсепке алганда 29936,2 миң сом, атайын эсеп 5260,0 миң сом болуп бекитилсин; (№1 тиркеме тиркелет)
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 38482,8 миң сом болуп бекитилсин; (№2 тиркеме тиркелет)
3. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга карата бюджеттин долбоорун чегерилүүчү теңдөөчү грантты, атайын эсеп жана атайын каражатты эсепке алып, 2026-жылга карата 43528,0 миң сом, 2027-жылга карата 46095,0 миң сом бекитилсин; (№3 тиркеме тиркелет)
4. 2025-жылга карата Күнтуу айыл өкмөтүндөгү бюджеттин чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, коммуналдык төлөмдөр(көмүр) каралсын;
5. Күнтуу айыл аймагындагы жылдык планды ашыгы менен аткаруу учурунда киреше бөлүккө түшкөн акча каражаты, Күнтуу айыл аймагындагы социалдык-маданий иш чараларды уюштурууга чыгымдоо каралсын;
6. Чыгымдарды үнөмдөөнүн натыйжасында жылдын акырында калган кирешелердин чыгымдардан ашкан суммасы 01.01.2025-жылга карата (бош калдыктар), негизги эсептен 15563,4 мин сом бекитилсин; атайын эсеп 96,0 миң сом бекитилсин; (№4 тиркеменин негизинде)
7. Күнтуу айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык бирдик саны 2025-жылга карата №1 №2 таблицага ылайык - 9649,4 миң сом, маданият тармагы- 1329,0 мин сом бекитилсин;
8. Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттар туура бөлүштүрүлүп жана белгиленген багытта жумшалсын;
9. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысына иштин зарылчылыгына байланыштуу атайын каражаттан жана бюджеттик эсептен бир бөлүмдүн ичинен бир эсеп-чоттон - экинчи эсеп-чотко которууга мыйзам чегинде уруксаат берилсин;
10. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүнгүү планы кабыл алынсын; (№5 тиркеменин негизинде)
11. Бул токтомдун аткарылышын Күнтуу айыл өкмөтүнүн СЭБ башчысы Султанова Гульнур Суюнбаевна жүктөлсүн;
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин;
13. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |