КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-февралы № 140
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1, 7-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 2-3-тиркемеде «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары белгиленген тартипте юридикалык жактар катары региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин токтотууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) жыл сайын республикалык бюджетте улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү үчүн региондорду өнүктүрүү фонддоруна каражаттарды карасын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 17 (3777) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |