Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 18/127
Курулган объекттерди ишке киргизүү жөнүндө
Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. С. Мурзакматовдун “Новопавловка айыл аймагындагы курулган объекттерди ишке киргизүү жөнүндө” берген маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айыл аймагындагы төмөндөгү объекттер ишке киргизилсин:
1) Новопавловка айылындагы ачылган айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имараты;
2) Трансформатор орнотуу менен Новопавловка айылынын “Алтын-Ордо” конушундагы суу топтоочу жайы (ТП-2276 счет №90470371);
3) Учкун айылындагы жаңы ачылган балдар бакчасынын имараты (ТП-1551).
2. Новопавловка айыл өкмөтүнө аталган объекттерди ишке киргизүүдө Сокулук РЭС жана башка мекемелер менен келишимдерди түзүү жана уруксат кагаздарын алуу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. С. Мурзакматовго тапшырылсын.
Төрага: | А. Абышев |